Дыйкандардан жазгы, күзгү сугаруу талап кылынат
Бул тууралуу Айыл, суу чарба жана аймактарды өнүктүрүү министринин орун басары Илич Марсбек уулу билдирди. Анын айтымында жерди айдаганга чейин эрте жазда бир жолу сугарып коюу керек. Бул ошол аянттын нымдуулугун сактап, себилген үрөндүн жакшы өнүп чыгышына шарт түзөт. Эрте жазда суу да кенен болот. Мындай сугарылган жер суу тартыштыгы жаралса да катып, кургап кетпейт. Ошондой эле түшүмдү жыйнап алган соң кеч күздө да айдоо аянтын бир сыйра тазалап, абдан кандырып сугарып коюу шарт. “Ал эми бизде дыйкандар көбүнесе түшүмүн жыйнап алган соң жерди карабай таштап салышат. Биз буга чейин эрте жазда жана кеч күздө сугарууну жөн гана кеңеш катары айтып келсек, эми милдеттүү түрдө киргизип, талап кылабыз. Керек болсо жер-жерлерде аталган убакта сугарбай койгон фермерлердин тизмеси түзүлүп, ошого жараша иш жүрөт», — деди Марсбек уулу ММКлардын бирине берген маегинде