Э.Гареев атындагы Ботаникалык бактын илимий-изилдөө институтунун илимий катчысы Болот ЖУМАНАЛИЕВ: “БЫЙЫЛ БОТАНИКАЛЫК БАКТЫН СУГАТ МАСЕЛЕСИ ЧЕЧИЛЕТ”
Ушу тапта КР УИАнын Ботаникалык багында реконструкция иштери кызуу жүрүүдө. Белгилей кетсек, буга чейин шаардын И.Ахунбаев көчөсү, 1 дарегиндеги башкы багында сугат суу системасы чоң көйгөй болуп келген. Анын кесепетинен өсүмдүктөр куурап, жашыл аянт саргайып кетчү. Жакында ушул көйгөй чечилет. Анткени, ботаникалык бактын аянтына 2 суу бургулоочу скважина казылды. Алдыда тамчылатып сугаруу системасы ишке кирет. Бизге бул жолу Ботаникалык бактын илимий-изилдөө институтунун илимий катчысы Болот Жуманалиев башкы бактагы иштер тууралуу айтып берди.
– Болот мырза, ушу тапта ботаникалык бакта рекультивация, реконструкция иштери кайсы баскычка келип калды?
– Негизинен узак убакыт бою ботаникалык бак кароосуз калган. Буга чейин багыбызда бир нече көйгөйлөр бар болчу. Мындан улам биздин жетекчиликтин суранычы менен Президент Садыр Жапаров 2023-жылы ботаникалык бакка келип, бул жердеги абал менен таанышып кеткен. Ошол эле жылы Президент ботаникалык бакты реконструкциялоо, рекультивациялоо тапшырмасын берген болчу. Ошентип 1-баскычта 2023-2024-жылы ботаникалык бактын Горький, 312 дарегиндеги гүл өсүмдүктөрүнүн лабораториясы толугу менен реконструкцияланып, ишке берилген. Ал эми 2-баскычта Көк-Жардагы И.Ахунбаев, 1 дарегиндеги ботаникалык бакта рекультивация, реконструкция иши 2025-жылдын май айында башталган. Бакта негизги көйгөй – суугат суу болчу. Анткени, бул жерде эрте жазда эле өсүмдүктөрдү сугарууда көйгөй жаралып келчү. Жаратылыштын суусу мөңгүдөн ээрип, андан кийин жогорку зонадагы айылдардагы сугат иштерине сарпталгандан кийин суу бизге жетчү. Май айы аяктап, июндун башында гана ушул жерди сугарууга уруксат берилчү. Бакты сугаруу эрежесинде апрель, май айында сугаруу иши башталыш керек. Суунун тартыштыгынан улам, өсүмдүктөр саргайган абалга кептелчү. Бул көйгөй ушул жылы чечилет. Анткени, ботаникалык бактын аянтына 2 суу бургулоочу скважина орнотулду, алдыда бакты тамчылатып сугаруу системасы ишке кирет. Ар бир скважина 100 тоннадан сууну камсыздоого күчү жетет. Андан кийин жаратылыштын суусу менен сугаруу улантылат.
– Ботаникалык бакты жаңылоонун алкагында шаардыктар үчүн кандай жаңы нерселер пайда болот?
– Бардык иштер «Өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактары жөнүндө» Мыйзамдын алкагында аткарылууда. Бардык долбоорлор Президенттин Иш башкармасына караштуу. Бүгүнкү күнгө ботаникалык бактын айланасы толугу менен жаңыланып, курчалды. Сугат системасы да жаңыланып, футбол аянтчасы курулууда. Бактын кире беришине арка орнотулууда. Ошондой эле ботаникалык бакта 3 тилке бар. Анда жарандар басуучу, велосипед жүрүүчү жана чуркоочу тилкелер орун алган. Учурда ушул жол тилкелерин оңдоп, асфальт төшөөгө даярдыктар көрүлүп жатат. Мындан тышкары коноктор үчүн заманбап шарттар камсыздалат. Жаш балдарга арналган жаңы аянттар пайда болот. Ботаникалык бак эл аралык стандарттарга шайкеш келтирилет. Экспозициялык борборлор болот, суптропикалык, декоративдик өсүмдүктөр да камтылат. Оренжирея да болот. Администривдик жаңы имарат салынат. Музей да болот. Бизге кошумча, 89 штаттык орун кошулары күтүлүүдө.
– Соцтармактарда айрым интернет колдонуучулар ботаникалык бакта өсүмдүктөр өспөй, кургап калды деген ар түрдүү пикирлерин калтырууда. Чын эле бакты кайрадан жашыл бакка айлантуу иши унутта калган жокпу?
– Жок, ботаникалык өсүмдүктөрдү рекультивациялоо – асылдуулукту калыбына келтирүү, кыртышты чыңдоо жана туруктуу экосистемаларды түзүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Суунун жетишсиздигинен бул жердеги өсүмдүктөр каралбай калган. Зыяндуу өсүмдүктөр басып кетип, бул жердеги табигый флорага, башка өсүмдүктөргө зыяны көп боло баштаган. Өткөн жылы күздө зыяндуу өсүмдүктөрдөн тазаладык. Ботаникалык бакты жашыл шиберге айлантуу эң биринчи кезекте сугат суу менен байланыштуу. Сугат системасын иретке келтирсек, жашылдандыруу боюнча маселе жаралбайт. Тамчылатып сугаруу жай айларында ишке берилиши күтүлүүдө. Жаңы ландшафт, жаңы дизайн менен жаңы өсүмдүктөр отургузулат. Ботаникалык бактын коллекцияларында миңдеген жогорку өсүмдүктөр, дарак, бадалдар, декоративдик гүлдөр, күнөскана, мөмө өсүмдүктөрүнүн жапайы түрлөрү жана башкалар бар. Мындан тышкары ботаникалык бакка 2025-жылы мамлекет тарабынан 135 млн сом бөлүнгөн. Анын алкагында башкы бактын административдик имаратынын жылытуу системасы жаңыртылган, 2 лаборатория оңдоодон өттү. Ирригация жумуштарына жана башка чыгымдарына сарпталууда.
Мээрим Бактыбек кызы