Эдил Байсалов вируска каршы эмдөө иштерин күчтөө керектигин айтты

19-октябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Медицина 19

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Республикалык ыкчам штабдын кезектеги кеңешмесин өткөрүп, COVID-19 каршы эмдөөнүн жүрүшү, ошондой эле вакциналарды ташып келүү жана анын запасы боюнча талкуу жүргүздү.

Кеңешменин жүрүшүндө Эдил Байсалов калк арасында вакцина алуу зарылдыгы тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү күчтөө керектигин айтты. Мындан тышкары Саламаттыкты сактоо министрлигине өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды үзгүлтүксүз көзөмөлгө алып, абал начарлаган учурда тийиштүү чараларды кабыл алуу боюнча тапшырма берди.

Кеңешмеде дары-дармектер менен камсыздаган тараптардын алдындагы насыялык карыздарды төлөө жана «кызыл зонадагы» медициналык кызматкерлердин компенсациялык төлөмдөрү боюнча маселелер каралды.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X