Эгемендүүлүккө 30 жыл. Сандар жана фактылар

27-август, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 35


Улуттук статистика комитети Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата атайын жыйнак чыгарып, көз карандысыздык мезгилдин (1991-2020-жылдар) ичинде Кыргыз Республикасынын бардык тармактарындагы статистикалык өзгөрүүлөр туурасында маалымат берди.

Азыркы учурда Кыргыз Республикасы 7 облустан, 40 райондон, 31 шаардан, 9 шаар тибиндеги шаарчалардан жана 453 айылдык округдан турат.

Кыргыз Республикасынын туруктуу калкынын саны 2020-жылдын аягында 6 млн. 637 миң адамды түздү. Калктын үчтөн көбүрөөк бөлүгү (34 пайызы) шаар жерлеринде жана үчтөн эки бөлүгүнө жакыны (66 пайызы) айыл жерлеринде жашайт.

2020-жылдын аягына карата калктын жалпы санынын 34,6 пайызын балдар жана өспүрүмдөр, 57,1 пайызын эмгекке жарактуу адамдар жана 8,3 пайызын эмгекке жарактуудан улуу адамдар түздү.

Эгемендүүлүк жылдарында Кыргызстанда мамлекеттик коруктардын жана парктардын аянты 5,7 эсеге өстү. Азыр өлкөдө 10 мамлекеттик жаратылыш коругу, жалпы аянты 1,3 миллион гектар болгон 13 мамлекеттик жаратылыш паркы бар, бул өлкөнүн аянтынын 6,5 пайызын түзөт. Мындан тышкары, республикада 8 токой, 23 ботаникалык, 19 геологиялык, 2 комплекстүү жана 12 зоологиялык (аңчылык) коруктар бар.

Өлкөнүн аймагында 1 923 көл бар, алардагы суунун запасы, баалоо боюнча, жалпы улуттук суу запастарынын 70 пайызынан ашыгын түзөт.

2020-2021-окуу жылынын башына карата республикада күндүзгү жалпы билим берүүчү мектептердин саны 1991-жылга салыштырганда 28 пайызга көбөйүп, 2,3 миңди түздү. Азыркы учурда республиканын мектептеринде болжол менен 82 миңден ашык мугалим иштейт. Жалпы мектептер менен катар, 424 салттуу эмес типтеги мектептер бар. 99 кесиптик лицейлер (орто окуу жайлары) иштейт. Республиканын жогорку кесиптик билим берүү системасында 57 жогорку окуу жайы, алардын ичинен 40 мамлекеттик жана 17 жеке менчик формасындагы мекемелер иштейт.

Калкка 185 оорукана уюмдары, анын ичинде 135 уюм — Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо системасы боюнча стационардык жардам көрсөтүүдө. 29 жалпы дарыгерлик тажрыйбалык борборлор иштейт, алар аймактык ооруканалардын жана Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун базасында ачылган. 2020-жылы 14,2 миң дарыгер жана 35,4 миң орто медициналык персонал калкты медициналык жардам менен камсыз кылды.
Өнөр жайда иштеген жумушчулардын саны 2020-жылы 142,5 миң адамды түздү жана 1991- жылга салыштырганда — 1,9 эсеге кыскарды.

2020-жылы республиканын аймагында 796 телефон станциялары иштеди. Батир телефондорунун абоненттеринин саны – 24,8 пайызга азайды.

2001- жылы 29,9 миң адам уюлдук абонент бар болчу. 2020-жылы 7,3 млн. абонентке чейин жетип, 245 эсеге көбөйгөн.

2020-жылы өлкөнүн аймагында спорт менен машыккандардын саны 183 миң адамга жеткени айтылат. Алардын 28 пайызы аялдар. Спорт менен машыккандардын 85 пайызын мектеп жашындагы өспүрүмдөр түзөт. Өспүрүмдөрдүн 31 пайызы футбол менен машыгышат.
Учурда өлкөдө 8000ге жакын спорт аянтчалары, 1400 зал, 61 комплекс, 10 стадион, 24 бассейин бар.

Өлкөдө бардыгы болуп 100дөн ашык улуттардын өкүлдөрү жашайт, алардын көпчүлүгү (2020-жылдын аягына карата баалоо маалыматтары боюнча) калктын жалпы санынын 73,8 пайызы кыргыздар, 14,9 пайызы — өзбектер жана — 5,2 пайызы – орустар.
1991-жылдан тартып 1995-жылга чейин ИДПнын көлөмү 45 пайызга кыскарган мезгилде, анын төмөндөшү байкалды. 1996-жылдан тартып 2005-жылга чейин экономикалык өсүү белгиленди.

Айыл чарба өсүмдүктөрүн себңң аянттарынын түзүмү да өзгөрдү. Азыркы учурда айыл чарба өсүмдүктөрүн жалпы себүү аянтында эң чоң салыштырма салмакты дан эгиндери (53 пайызга жакынды) ээлейт, ал эми 1991-жылы алардын үлүшү 43,5 пайызды түзгөн.
1991-жылдан тартып республикада ири мал жана жылкынын саны көбөйдү. 1991-жылга салыштырганда ири малдын саны — 44,2 пайызга, жылкынын — 68,5 пайызга көбөйдү. Ал эми койлордун жана эчкилердин саны — 34,1 пайызга, үй канаттууларынын саны — 55,3 пайызга азайды.

2020-жылы республиканын аймагында 342 базар иштеди, бул 1991-жылга караганда 2,8 эсеге көп.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X