Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгына арналган айтыштын жеңүүчүлөрү аныкталды
Кыргызстандын Эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата төкмө акындардын республикалык айтышы өтүп, жеңүүчүлөр аныкталды.
Республикалык таймашка өлкөнүн булуң-бурчунан 16 төкмө акын катышты. Өнөрпоздор упайлык система менен күч сынашып, айтыштагы жуптар чүчүкулак аркылуу аныкталды.
Акындардын чыгармачылык дараметин калыстар тобу баалады. Анда сөз байлыгы, чечендик чеберчилик, ырдын көркөмдүгү жана мазмуну, комуз чертүү өнөрү, үнүнүн кооздугу жана сахна маданияты эске алынды.
Жыйынтыгында баш байгеге Тынчтык Эсенбай уулу татыктуу болуп, 500 миң сом алды.
- 1-орун — Шайлообек Отунчиев — 400 000 сом
- 2-орун — Турат Жумаев — 300 000 сом
- 3-орун — Арген Биймырза уулу — 200 000 сом
Мындан тышкары, мыкты өнөр көрсөткөн Баян Акматов жана Мамбеттокто Мамбеторозо уулуна 100 миң сомдон атайын сыйлык тапшырылды.
Ал эми таймашка катышкан калган 10 акындын ар бирине 80 миң сомдон акчалай сыйлык берилди.
Айтыштын негизги максаты — Кыргызстандын эгемендүүлүгүн, эркиндигин жана биримдигин даңазалоо менен катар улуттук маданияттын өзөгү болгон төкмөлүк өнөрдү кеңири жайылтуу жана жаш муунга жеткирүү.
Республикалык айтышты Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги, Кыргыз улуттук «Манас» театры жана «Айтыш» коомдук фонду уюштурду.