Эгемендүүлүктүн 35 жылдыгында эмне таап, эмне жоготтук?

21-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 80

Негизи, Кыргыздар башка улуттарга салыштырмалуу намыстуу калк келет. Улуттун маселеси козголгон жерде өтө тездик менен биригип, саясий көз караштардын айырмачылыгына карабай ынтымакташа калган биздей улуттар дүйнөдө өтө аз. Борбор Азияны 30 жылдан бери ушул аз жана кедей өлкө дүңгүрөтүп, дуулдата берет. Бизде бийликке келип-кетип, мамлекеттик система ар жыл сайын жаштар жана таза кадрлар менен жаңыланууда. Ал эми бир топ өлкөлөрдө 1 эле үй-бүлө жыргап, куунап жашап атат. Кен байлыктары сырткы өлкөлөргө сатылып кеткен көмүскөдө көз каранды өлкөлөр жык.   

35 жылда биз эмнеге жетиштик? Кумтөрдү мамлекетке алдык, айлыктарды көбөйттүк, каралбай калган мамлекеттик имараттарды оңдодук, калктын канын соргусу келген бийликтерди кулаттык, мектептерди, окуу жайларды, балдар бакчаларын курдук деп айта берсек болот. Муну бардык эле өлкөлөр кылат, бул адамзаттын фундаменталдык муктаждыгы. Лекин, биз көп өлкөлөрдүн ишке ашыралбаганын жасадык.   

Ал – элдин эркиндиги! Уул, кыздарына мамлекеттик маанилүү орундарды ыйгара койгон президенттер бизде болбоду. Болгондорун арабыздан сүрүп чыгардык. Күч түзүмдөрүн тууган уругуна башкартып, жарандарына баш көтөртпөгөн президенттер бизде жок. Мамлекетти менчигиндей майсаптаган, эли жакырлаган сайын өздөрү байыган ажолорду көрбөдүк. Бул жагынан бешенесине ат тепкен эмес, тагдыр өпкөн элбиз.  

Дүйнөдө мамлекети күчтүү президенти сүрдүү көрүнгөн көп элдер бар. Бирок, андай өлкөлөрдө жарандары кадимкидей чүнчүп кеткен. Ооз ача албайт, мамлекеттик маанилүү маселелерди талкуулаганга укугу жок. Жашырганда эмне, бизде ар ким министр, депутат, президент же спикер болгусу келет. Ал гана эмес, бул оюн социалдык тармак аркылуу айтып чыга алат. Бул эркиндик көптөгөн эле мамлекеттерде жок.   

Өткөн айда дүйнө басылмалары Уганданын 87 жаштагы вице- премьер министрин көрсөттү. Аны ант берүү аземине төшөктө жаткан жеринен сүдүрөп келишиптир. Кээ бир өлкөлөрдүн 86 жылдан бери отурган президенттери бар. Атасынан баласына, андан небересине бийлигин калтырып кеткени андан көп.   

Мындай абалда кыргыз түтөгөн сайын түтөмөк.   

Эми, өлкөбүздө “торгой кой үстүнө жумурткалады” дегенден алысмын. Мамлекет катары өзүбүзгө ылайык маселелерибиз толтура. Айрым учурларда адам укугу сакталбай, аткаруу бийлигинде жылбай жаткан анча-мынча иштер бар. Бирок, өнүкпөй эле токтоп турабыз десек — уят. Эсеби маселен, 1 жылдын ичинде Талас облусунун өзүнө эле 11 млрд сом бөлүнүп, 15ке жакын мамлекеттик объект салыныптыр. Башка региондордо деле ушундай иштер жүрүп жатат. Бишкекти айталбайм бирок, Ошто, Баткенде, Жалал-Абадда, Ысык-Көлдө эмне деген өзгөрүүлөр болду, муну айтпай коё албайбыз.   

Мурда мамлекеттик кызматтар кадимкидей сатылчу эле. Бүгүн пара берип ишке жайгашуу деген таптакыр жок. Эң эле жөнөкөйү, айдоочулук күбөлүктү президенттин карындашы же, ага-иниси Ормон опузага салып, алалбайт. Бизде мындай нерселер да токтогон.   

Түрктөрдө “жигитти өлтүрсөң да акысын бер” деген жакшы сөз бар. Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүп, алардын күлүн көккө сапырган ушул бийлик болду. Бул деген төө көтөргүс саясий эрк. Ал боюнча биз айтпасак деле жумурай журт баам салып карап турбайбы.   

Бийликтин үстөлүнө ар ким көчүк баскысы келет. Ошон үчүн оппозициялык кыймылдар жашайт. Бирок, оппозиция адилеттүү жана ак жүрөк, моюндаган жана билимдүү болсо, жашап кетет. Урду соктуга салып эле калпты, чынды койгулай берсе, көчөдөгү сүрмө топко айланат. Сүрмө топторду эч бир бийлик теңине алган эмес.

Кээде айрым сүрмө топтор өлкөдө болуп жаткан жакшы иштерди айтып, жазып койгондорду “ботекс”, “пахтакор” же, “кызмат үмүт эткен” деп күнөөлөп атышат. Чынын айтканда, азыр кызматка барыш үчүн кадр кызматынын “микроскобунан” өтүшүң керек. Сенин чоң болооруңду эмгек китепчең чечет.

Учурда соцтармактар дале кайнап атат. Орустар, чечендер, казактар, өзбектер, иши кылса, бир топ улуттун өкүлдөрү кыргыздын кең пейилин, меймандостугун, мамлекетинин кооздугун айтып, бүтүрө албай коюшту. Арасында ыйлаганы, мактаганы, таазим кылганы да бар.  

“Бишкек Арена”, ШКУ саммити, Көчмөндөр оюндары менен дүйнөнү дагы бир жолу таң калтырдык. Жапа тырмак, баарыбыз, бийлиги, оппозициясы дебей биримдиктин күчү менен бир муштум болдук. Мындай ынтымак көп улуттарда жок.

Эми, үйүңдө той кылсаң деле кемчилик кетет. Аны көрбөгөнгө аракет кылыш керек.

Өз ара тытышсак деле мамлекеттик деңгээлдеги иш-чаралар өтүп жатканда бир топ эле ынтымактуу калк экенбиз. Бул жакшы касиетибиз. Өзүбүздү өзүбүз айтпасак, бизди ким айтмак эле. Буйруса, Борбор Азиянын өнүккөн өлкөсү болобуз, буга толук негиз бар.

Манас ОСМОН, КРнын Жогорку Кеңешинин төрагасынын кеңешчиси

21-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 80
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X