«Эйр Манас» компаниясы AIRBUS A220-300 учагын сатып алды

27-апрель, 2021-ж. / Редакция / Коом 8

Бишкектеги эл аралык «Манас» аэропортуна «Эйр Манас» компаниясы жаңы сатып алган AIRBUS A220-300 учагы келди. Белгилүү болгондой, «Эйр Манас» компаниясы ушундай моделдеги экинчи учакты ушул жылы алып келе турган болду.
Маалымат иретинде, AIRBUS A220-300 — жаңы технология колдонулган жана экологиялык класстагы жана бийик үн чыгарбаган учак. Мурдагы муундагы учактарга салыштырмалуу күйүүчү майды 25%га үнөмдөп, азот оксиддерин чыгаруусу 50%га азайып, айлана-чөйрөгө зыяны аз болот.
Бүгүнкү күндө AIRBUS чыгарган учактар Азияда, Америкада, Европада жана Африкада колдонулуп келет.

27-апрель, 2021-ж. / Редакция / Коом 8
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X