Эки министрлик кызматка талапкерлер Жогорку Кеңештин комитетинен колдоо тапты

8-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 67
Бүгүн, 8-сентябрдагы Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин жыйынында Имангазиев Алмаз Кулубековичти Кыргыз Республикасынын эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин кызмат ордуна, ал эми Айылчиев Алмаз Асимовичти Кыргыз Республикасынын юстиция министринин кызмат ордуна дайындоого макулдук берүү жөнүндө маселе каралды. Возможно, это изображение один или несколько человек
Талапкерлер тууралуу маалыматты Президенттин жана Министрлер кабинетинин Жогорку Кеңештеги туруктуу өкүлү Бектур Зулпиев тааныштырды.
Талкуу маалында комитет төрайымы Гульнара Акимбаева Алмаз Имангазиевге кайрылып, психоневрологиялык диспансерлерди модернизациялоо, жаңы типтеги мекемелерди түзүү, психикалык, нейроөнүгүү бузулуулары, анын ичинде аутизм спектриндеги бузулуулар менен жабыркаган бейтаптарды дарылоо жана реабилитациялоо маселелерине өзгөчө көңүл буруу керектигин белгиледи.  Возможно, это изображение текст
Жыйынтыгында комитет Алмаз Имангазиев менен Алмаз Айылчиевдин талапкерлигин жактырып, аларды эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин жана юстиция министринин кызмат орундарына дайындоого макулдук берүү үчүн Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөттү.
8-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 67
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X