Экс-спикер Дастан Жумабеков парламенттик шайлоого аттанды
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Дастан Жумабеков Борбордук шайлоо комииясына Жогорку Кеңештин депутатыгына 28-ноябрда өтүүчү шайлоого катышуу үчүн арыз жазды. Бул тууралуу БШКнын басма -сөз кызматы маалымдайт.
Белгилүү болгондой, Дастан Жумабеков Талас облусундагы Манас округунун 20-тандоо участогу боюнча барат.
Эскерте кетсек, Президенттин жарлыгы менен үстүбүздөгү жылдын 28-ноябрь күнү Кыргызстандын Жогорку Кеңешинин жаңы чакырылыштагы депутаттарын шайлоо күнү деп белгиленген.
2021-жылдын 11-апрелиндеги референдумда кабыл алынган Конституцияга ылайык, Жогорку Кеңеш 90 депутаттан туруп, 5 жылдык мөөнөткө шайланат.
Парламенттин 54 депутаты пропорционалдык система боюнча (саясий партиялардын талапкерлеринин ачык тизмелери боюнча) бир шайлоо округу боюнча, 36 депутат бир мандаттуу шайлоо округдарында мажоритардык система боюнча шайланат.