"Эркин-Тоо"

Эл өкүлү айрым трассаларда 110 чакырым ылдамдыкка уруксат берүү жөнүндө сунуш киргизди

Жогорку Кеңештин депутаты Бейшеналы Нурдинов: “Азыр 90 менен жүргөн эч ким жок. МАИлерге гана айып төлөп жатабыз. Бишкектен Нарынга, Бишкектен Балыкчага бараткан жолдордо 110 чакырым ылдамдыкка жүрүүгө уруксат берсе болот”.
Депутат Бейшеналы Нурдинов, Кыргызстандын ичинде эл аралык маанидеги айрым жолдордо ылдамдыктын эң жогорку чегин 110 чакырымга чейин жогорулатууга уруксат берүүнү сунуштады. Мындай маселени Нурдинов Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында көтөрдү. Эл өкүлү бул боюнча Өкмөттүн токтому чыкканын айтып, эмне үчүн ишке ашпай жатат деген суроо менен аталган министрликтин өкүлдөрүнө кайрылды.
Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министри Гүлмира Абдралиева эл өкүлүнө жооп берип жатып, 110 чакырым ылдамдыкка уруксат берүү үчүн атайын жол аныкталып, изилденип бүткөндөн кийин ишке ашаарын билдирди.
Калктуу конуштардан сырткары трассаларда учурда ылдамдыктын эң жогорку чеги саатына 90 чакырым деп белгиленген. Бирок, Ички иштер министрлигинин ылдамдыктын чегин көтөрүү, жолдордогу автоунаа өткөрүүнүн мүмкүнчүлүгүн арттыруу сунушу менен 2019-жылы Кыргызстандын ичинде эл аралык маанидеги айрым
жолдордо ылдамдыктын эң жогорку чегин 110 чакырымга чейин жогорулатуу боюнча Өкмөттүн тиешелүү токтому чыккан.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!