Эл аралык китеп күнүндө балдар үчүн аянтчалар уюштурулат
Бүгүн, 23-апрелде К.Баялинов атындагы Республикалык балдар жана өспүрүмдөр китепканасында Эл аралык китеп күнүнө арналган ири иш-чара өтөөрүн “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйында китепкананын директору Роза Султангазиева билдирди.
Анын айтымында, китеп күнүнүн алкагында балдар үчүн 30дан ашык аянтча, китеп жарманкеси, китеп көргөзмөлөрү, концерт уюштурулат.
“Балдар үчүн өткөргөн аянтчалар китеп окууга тартуу үчүн уюштурулат. Театралдык, спорт, музыкалык, акын-жазуучулар менен кездештирүүчү жана башка аянтчалар бар. Мында балдарга саясатчылар, китепканачылар, ырчылар, ата-энелер китеп окуп беришет. Китепкананын ичинде санитардык нормалар сакталып, балдарга маскалар да таратылат.”, — деди китепкана жетекчиси.
Асел Барыктабасова