Эл достугу эгиз – жер достугу деңиз

Бүгүн Кыргыз Республикасынын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдык мааракесин утурлай “Кыргызстан – менин мекеним” деген аталышта диаспоралар менен бирдикте майрамдык иш-чара өтүүдө. Иш-чарага Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев, Кыргызстан элдеринин Ассамблеясынын төрагасы Абдыганы Эркебаев жана Чүй облусунун жетекчилиги, райондун, диаспоралардын жана айыл аймактардын өкүлдөрү катышууда.

Аянтка Сары-Өзөн-Чүйдүн ар бир районунун боз үйлөрү тигилип, ар улуттун маданиятын даңазалаган кол өнөрчүлүк көргөзмөлөрү уюштурулган. Фестивалдын негизги максаты – улут ынтымагын бекемдөө жана эгемендиктин баркын элге түшүндүрүү болуп саналат. Иш-чаранын ачылышында сөз сүйлөгөн Кыргызстандагы элдердин Ассамблеясынын төрагасы төмөндөгүлөргө токтолду.

“Өлкөбүз эркиндиктин желегин желбиреткенине туура 30 жыл өттү. Адамзат тарыхында чейрек кылымды түзгөн мезгилге сереп салсак, эгемендик жолунда аткарылган бардык натыйжалуу иштер элибиздин биримдиги жана ынтымагына, өнүгүүгө негизделген. Мекенибизде жашаган жүзгө жакын этностордун ортосундагы мамилелерди бекемдөө, достукту өркүндөтүү, жарандуулукту өнүктүрүү мамлекеттин эң маанилүү милдеттеринин бири болуп саналат. Бүгүн улут тагдыры үчүн жарандардын биримдиги чоң мааниге ээ.  Элибиздин экономикалык-социалдык абалын жакшыртуунун бирден-бир өбөлгөсү – улут ынтымагы. Элибиздеги меймандостук, кайрымдуулук, күйүмдүүлүк, боордоштук мамилелери менен канатташ жашаган калктар менен ынтымактуу коңшу болуп жашадык”, — деди Абдыганы Эркебаев. 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X