ЭЛДИН БААТЫР АКЫНЫ

Бир жумадан бери борбор шаарыбызда Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз эл акыны, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Сооронбай Жусуевдин 100 жылдыгына арналган иш-чаралар өтүп жатат. Буга чейин Тоголок Молдо эс алуу гүлбакчасынан бөлүнгөн жер тилкесине Сооронбай Жусуевдин эстелигин орнотуу үчүн таш коюу расмиси, Иван Панфиловдун эстелигинин алдында 8-гвардиялык Панфилов дивизиясынын ардагери Сооронбай Жусуевди эскерүү-реквиеми, Жусуп Баласагын жана Исхак Раззаков атындагы университеттерде акындын чыгармачылыгына арналган илимий-практикалык конференциялар, адабий кечелер болуп өттү. Ал эми кечээ Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында акындын 100 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйын болду.

Жыйынды Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев ачып, акындын чыгармачылык өмүр жолуна токтолду. Андан соң Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек
Тургунбек уулу куттуктоо сөз сүйлөдү. Төрага адегенде эле акындын тоолуу аймакта, алыскы Алайкуда төрөлүп эр жеткендигин, кыргыздын не бир көйкашка таланттары тоолуу аймактардан чыккандыгын баса белгиледи. Төрага “Тоолук акын Сооронбай Жусуев – тоодой салмактуу чыгармаларды жараткан. Ал чыгармаларын жасап эмес, жашап жазган акындардын бири. Кырчындай курагы кан күйгөн согуш учуруна туш келгендиктен алгачкы чыгармалары ошол алааматка байланышкан. Тагыраагы, акындын ырлары элди мекенчилдикке үндөп, айрыкча жаштарды ата-журт үчүн кызмат кылууга багыттайт. Сооронбай Жусуев котормочу катары да көп эмгек жасаган. Шекспир, Пушкин, Лермонтов, Шевченко, Омар Хайам, Маяковский, Есенин өңдүү бир топ акындардын чыгармаларын кыргыз окурмандарына тартуулаган. Айрыкча боордош түркмөн элинин улуу акыны Мактымкулинин философиялык ойлорду камтыган ырларын бийик чеберчилик менен которгон. Жеке мен Сооронбай Жусуевдин котормосу аркылуу Мактымкулинин чыгармачылыгын, жараткан эмгектерин тааныгам” деди.

Муну менен катар улуу акындын адамдык сапаттарына да токтолду. “Чыгармачыл инсандардын арасында жазганы менен жүргөн-турганы айырмаланган адамдар арбын кездешет. Ал эми Сооронбай Жусуев ырларындагы орошон ойлорундай бийик адамгерчиликке ээ, мыкты инсан эле. Даңазалуу акын жөнөкөйлүгүнөн тайбаган, даанышман адам болчу. Байлыкка да, бийликке да умтулбастан, калемин колунан түшүрбөй, өмүр бою чыгармачылык менен узанып жашап өттү”, – деди Нурланбек Тургунбек уулу.

Ошондой эле ардагер акынга ардактуу сыйлыктар ыйгарылып, анын ичинен Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы өз убагында берилгенин айткан Төрага: “Элибизде “Өлгөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт” – деген жакшы кеп бар. Анын сыңарындай, улуу калемгер арабызда жок болсо да анын элесин эскерип, калтырган мурастарын урпактан-урпакка улантуу ар бирибиздин милдетибиз”, – деди.

Ал эми Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев өз сөзүн акындын согуштун элесин чагылдырган “Алакан” деген ырын окуу менен баштады.

 

Бала мына төшөгүнөн турду

                бат,

Моюнуман кучактады булдурап.

Алаканын өптүм дагы баламдын,

Тээ согушту ойлоп турдум

                тунжурап.

 

Кээде түшүп мен торуна

                санаанын,

Көргөнүмүн көбүн эске саламын.

Согуш десе көз алдыма көрүнөт,

Ошондогу алаканы баланын.

 

Сооронбай Жусуевдин ушул “Алакан” деген ырын жатка билбеген окуучу жок болсо керек. Баарыбыздын мектепте окуган кездеги адабият сабагына болгон кызыгуубуз акындын ушул ырлары аркылуу калыптанса керек. Мындай жүрөктү титиреткен ырларды кан майдандын кызыл өртүн кечип келген акын гана жаза алмак. Сыймыктуу акын агабыздын 100 жылдыгы Улуу жеңиштин 80 жылдыгы менен дал келип жатат. Сооронбай Жусуев 18 жашка чыгары менен согушка чакырылып, эки жолу жарадар болгон. Согуштагы элестер акынды өмүр бою коштоп жүргөн” деди Министрлер Кабинетинин Төрагасы.

Ал эми белгилүү адабиятчы, сынчы, мамлекеттик жана коомдук ишмер Абдыганы Эркебаев акынды классик акын деп атады. Анын 100 жылдыгы ар кандай форматта, өтө бийик деңгээлде өтүп жаткандыгына ыраазычылыгын билдирди. “Бул да болсо биздин өлкөбүз жаңылануу, өзгөрүү, өсүү жолуна түшкөндүгүн далилдеп турат. Кара-Кулжа районунан өмүрдөн эрте кеткен, мен аны экинчи Алыкул деп эсептейм, Тургунбай Эргешов сыяктуу уникалдуу акын, Төлөгөн Мамеев, Маркабай
Ааматов, Кожогелди Кулуев сыяктуу эл акындар чыгышты” деди сынчы. Абдыганы Эркебаев акын өзү жашап өткөн үйдүн жанындагы Тоголок Молдо эс алуу бакчасына келечекте Сооронбай
Жусуевдин эстелигинин коюлушун колдой тургандыгын, ал жерге дагы бир Кыргыз эл акыны Сүйүнбай Эралиевдин да эстелигин койсо боло тургандыгын, дегеле кыргыздын адабияты менен маданиятына эмгеги сиңген, көздөрү өтүп кеткен акын-жазуучуларга эстелик аллеясын уюштуруу керек экендигин баса белгиледи.

Салтанаттын соңунда акын Сооронбай Жусуевдин сөзүнө жазылгын обондуу ырлардын концерти болду. Акындын 100дөн ашуун ырына атактуу обончу Рыспай Абдыкадыров баш болгон ондогон музыканттар обон чыгарышкан.

Залкар акын 1925-жылы төрөлүп, 2016-жылы 91 жаш курагында каза болгон.

Өмүрбек Тиллебаев

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X