Эмдөө алгандардын саны эки миллионго чамалады

14-ноябрга карата өлкөдө коронавируска каршы вакцина алгандардын саны 1 млн 854 миң 885ге жетти. Бул тууралуу республикалык штаб кабарлады. Алардын ичинен 3 миң 386 адам биринчи дозасын, 4 миң 317 адам экинчи дозасын алгандар. Учурда өлкө калкы SinoPfarm, «Спутник V», Pfizer, AstraZeneca вакциналары менен эмделип жатат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X