Эмдөөгө каршы чыккан активист COVID-19дан каза болду
Коронавируска каршы эмдөөгө жана бет кап тагынууга каршы чыккан израилдик активист Хай Шулиан COVID-19 илдетинен ушул жумада каза болду. Бул тууралуу Израилдин жергиликтүү телеканалы маалымдады.
Телеканал Шулиандын ооруканада өтө оор абалда кычкылтек аппараты менен дем алып жатканын жана ал коронавируска кабылганын айткан видеосун көргөздү.
«Мен аппаратты алып коюп 2-3 кадам жасаганга аракет кылдым, бирок эстен танып жыгылдым. Дем ала албай кыйналып жатам», — дейт ал видеодо.
«Биз үй-бүлөбүз менен вакцина алдык, бирок ал эмдөөдөн өтүүгө каршы болду. Биз аны менен сүйлөшүүгө аракет жасадык, ошондо да ал тандоосунан тайбай турганын айтып, вакцина эч кандай илдеттен сактабайт деп айта берди. Бул анын жеке чечими болду. Тилекке каршы Шулиан вирустун курмандыгына айланды. Ал өмүрүнүн акыркы сааттарында өтө кыйналды. Биз анын жанында боло алган жокпуз, ал жалгыздыкта өмүрү менен кош айтышып кете берди» , — дейт анын бир тууган карындашы телеканалга берген маегинде.
Эске салсак, Израилде коронавируска каршы калкты жапырт эмдөө өткөн жылдын декабрь айында башталып, жарандар Pfizer вакцинасын ала башташкан. Үстүбүздөгү жылдын 10-январынан баштап препараттын экинчи дозасы бериле баштаган. Ал эми 12-15 жаштагы өспүрүмдөрдү эмдөө чечими июнь айында кабыл алынган.
Бүгүнкү күндө өлкөдө 5,5 миллиондон ашуун адам вакцинанын экинчи дозасын алды, ал эми үчүнчү дозасы 2,9 миллиондон ашуун адамга сайылды.