Эмгек министрлигине жаңы орун басар дайындалды

18-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 17

Мирланбек Байгончоков эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу ведомство билдирди.

Тиешелүү тескемеге Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Жаңы дайындалган орун басарды эмгек жамаатына Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын өкүлү Улан Султанбаев тааныштырды.

Эске салсак, буга чейин бул кызматты Бакыт Дарманкул уулу аркалап келсе, Байгончоков Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары болуп иштеп келген.

18-март, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 17
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X