Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун директору Шайирбек Сулайманов: “Биздин негизги максат – ар бир кош бойлуулуктун аң-сезимдүү жана коопсуз болушун камсыз кылуу”

Кыргызстанда демографиялык абал акыркы жылдары жаңы тенденцияларды көрсөтүп, төрөлүү көрсөткүчү акырындап төмөндөп, калктын жаш курактык түзүмү өзгөрүү алдында турат. Бул көрүнүш саламаттык сактоо системасына, социалдык саясатка жана өлкөнүн келечектеги өнүгүүсүнө түздөн-түз таасирин тийгизет.

Мындай шартта эне жана баланын ден соолугу, репродуктивдүү саламаттыкты сактоо, тукумсуздуктун алдын алуу жана сапаттуу неонаталдык жардам көрсөтүү маселелери өзгөчө мааниге ээ болууда.

Борборубуздагы Эне жана баланы коргоо улуттук борбору бул багытта алдыңкы медициналык мекемелердин бири катары өлкөнүн бардык аймактарынан келген энелерге жана ымыркайларга адистештирилген жардам көрсөтүп, жаңы төрөлгөн балдардын оор патологияларын дарылоо, ара төрөлгөн ымыркайларды сактап калуу жана алардын жашоо сапатын жакшыртуу боюнча системалуу иштерди жүргүзүп келет.

Төмөндө борбордун жетекчиси Шайирбек Сулайманов менен болгон маекте өлкөдөгү демографиялык өзгөрүүлөр, төрөт көрсөткүчүнүн динамикасы, тукумсуздук маселеси жана жаңы төрөлгөн ымыркайларга көрсөтүлүп жаткан медициналык жардамдын абалы тууралуу кеңири сөз кылдык.

— Шайирбек Алибаевич, Кыргызстанда бүгүнкү күндө төрөлүү көрсөткүчү кандай болууда?

— Акыркы жылдары өлкөдө төрөлүү көрсөткүчү акырындап төмөндөө тенденциясын көрсөтүүдө. Маселен, 2020-жылдан 2025-жылга чейин тирүү төрөлгөндөрдүн саны 158 миң 112ден 140 миң 913кө чейин азайган. Бул болжол менен 10,9 пайыздык төмөндөөнү билдирет. Адистер бул өзгөрүүнү демографиялык, социалдык жана экономикалык факторлор менен байланыштырышат.

— Бүгүнкү күндө бир аялга орточо канча бала туура келет? Бул көрсөткүч акыркы 10-20 жылда кандай өзгөрдү?

— Учурда төрөттүн жалпы коэффициенти бир аялга орточо 3,0 баланы түзөт. Башкача айтканда, Кыргызстанда аялдар негизинен үч жана андан көп балалуу болушат. Айыл жерлеринде болсо төрт же андан көбүрөөк балалуу болгон үй-бүлөлөр кеңири кездешет. Жалпысынан бул көрсөткүч салыштырмалуу туруктуу сакталганын белгилөөгө болот.

— Жаштар арасында кеч турмуш куруу тенденциясы байкалууда. Мындай жагдайлар аялдардын биринчи төрөт курагына таасир эттиби?

— Акыркы жылдары турмуш куруунун орточо жашы бир аз жогорулап жатканы байкалат. Ошого карабастан, Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, аялдардын биринчи баласын төрөгөндөгү орточо жашы азырынча 20-24 жаштын тегерегинде калууда. Бул көрсөткүчтөр өлкөдөгү демографиялык абалды талдоодо маанилүү болуп саналат жана калктын өсүшүнө түздөн-түз таасир этет.

— Шаар жана айыл жерлеринде төрөлүү көрсөткүчтөрүндө айырмачылыктар барбы?

— Ооба, айырмачылыктар байкалат. Жалпысынан 2025-жылы өлкө боюнча төрөлүү көрсөткүчү 1,5 пайызга төмөндөп, 2024-жылга салыштырмалуу дээрлик бардык облустарда төрөлүү азайган. Ал эми Бишкек шаарында тескерисинче 3,3 пайыздык өсүш катталган. Бул көрүнүш ички миграция, шаарлашуу жана социалдык шарттардын өзгөрүшү менен түшүндүрүлөт. Айыл жерлеринде салттуу түрдө көп балалуу үй-бүлөлөр басымдуулук кылганы менен, акыркы жылдары бул жерде да төрөлүүнүн төмөндөшү байкалган.

— Төрөлүүнүн азайышына медициналык факторлор да таасир этүүдөбү?

— Төрөлүүнүн азайышына медициналык факторлор да маанилүү ролду ойнойт. Улуттук жана медициналык статистиканын маалыматына ылайык, төрөт курагындагы аялдар арасында бир катар оорулар кеңири таралган. Алардын ичинде заара-жыныс системасынын оорулары (мисалы, цистит, пиелонефрит), жыныстык органдардын инфекциялык-сезгенүү илдеттери, эндокриндик бузулуулар (калкан жана уйку безине байланышкан көйгөйлөр, гормоналдык тең салмаксыздык), онкологиялык оорулар (сүт бези жана жатын моюн рагы), ошондой эле кан аздык жана жүрөк-кан тамыр оорулары бар.

Айрыкча 18-30 жаштагы аялдар арасында жыныстык органдардын сезгенүү оорулары, инфекциялар, анемия жана гормоналдык бузулуулар көп кездешет. Мындай факторлор репродуктивдүү ден соолукка түздөн-түз таасир этип, кош бойлуулуктун жүрүшүнө жана төрөт көрсөткүчүнө өз таасирин тийгизет.

— Тукумсуздук көйгөйү канчалык кеңири таралган?

— Кыргызстанда тукумсуздук маселеси актуалдуу бойдон калууда жана саламаттык сактоо системасынын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары каралат. Адистердин баамында, бул көйгөй репродуктивдүү курактагы түгөйлөрдүн болжол менен 15-20 пайызына чейин таасир этиши мүмкүн.

Электрондук саламаттык сактоо борборунун маалыматына ылайык 2025-жылы эркектер арасында тукумсуздуктун 111 учуру катталган, анын 51и алгачкы жолу аныкталган. Ал эми аялдар арасында бул көрсөткүч кыйла жогору болуп 1676 учур, алардын ичинен 827сине биринчи жолу диагноз коюлган. Бул статистика көйгөйдүн масштабын жана аялдардын репродуктивдик ден соолугу өзгөчө көңүл бурууну талап кыларын көрсөтөт.

— Тукумсуздукту аныктоо жана дарылоо боюнча кандай мүмкүнчүлүктөр бар?

— Өлкөдө тукумсуздукту аныктоо жана дарылоо багытында системалуу иштер жүргүзүлүүдө. Бул багытта заманбап медициналык технологияларды киргизүү жана жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү негизги максат болуп саналат.

Дарылоо жана диагностика иштеринин негизги бөлүгү Кыргызстандын адам репродукциясынын илимий борборунун базасында жүргүзүлөт. Бул мекеме репродуктивдик саламаттык боюнча үчүнчү деңгээлдеги адистештирилген жардам көрсөтүп, татаал учурларды комплекстүү кароого мүмкүнчүлүк берет.

Мындан тышкары, адистер тарабынан тукумсуздукту аныктоо жана дарылоо боюнча методикалык колдонмо иштелип чыгып, ал баштапкы медициналык звенодогу дарыгерлер, акушер-гинекологдор жана репродуктологдор үчүн практикалык колдонмо катары пайдаланылууда. Бул документ медициналык жардамды бирдиктүү стандарттардын негизинде көрсөтүүгө өбөлгө түзөт.

— Тукумсуздукту дарылоодогу кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгү кандай деңгээлде?

— Үй-бүлөнү пландаштыруу, репродуктивдик ден соолукту сактоо жана тукумсуздукту дарылоо боюнча кызматтар өлкөдө бар жана базалык инфраструктура, ошондой эле заманбап технологиялар менен камсыздалган. Бирок бул кызматтардын жеткиликтүүлүгү бардык аймактарда бирдей эмес. Айрыкча аймактарда адистештирилген жардамга жетүү мүмкүнчүлүгү чектелүү бойдон калууда. Бул жагдай репродуктивдик саламаттыкты коргоо системасын мындан ары өркүндөтүү жана кызматтарды калкка тең жеткирүү зарылдыгын көрсөтөт.

— Үй-бүлөнү пландаштыруу жана репродуктивдүү ден соолукту сактоо боюнча медициналык жардам канчалык жеткиликтүү?

— Кыргызстанда бул багыттагы медициналык жардам негизинен баштапкы саламаттык сактоо деңгээлинде, башкача айтканда, үй-бүлөлүк принципке негизделген система аркылуу көрсөтүлөт. Ошол эле учурда баштапкы звенонун мүмкүнчүлүктөрү толук жетиштүү эмес экенин белгилөө керек.

Бүгүнкү күндө инфраструктура 1086 фельдшердик-акушердик пунктту (дарыгерсиз), 682 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобун, 24 үй-бүлөлүк медицина борборун жана 56 жалпы практикалык дарыгерлер борборун камтыйт. Кадрдык курамында 204 акушер-гинеколог, 55 уролог, 1877 үй-бүлөлүк дарыгер жана 5787 медайым иштейт.

Мындай түзүм базалык кызматтарды көрсөтүүгө шарт түзгөнү менен, айрыкча адистештирилген жардамга жетүүдө жана аймактар аралык мүмкүнчүлүктөрдө айырмачылыктар сакталып калууда.

— Төрөлүүнүн төмөндөшү өлкөнүн демографиялык түзүлүшүнө кандай таасир этет?

— Учурдагы тенденциялар сакталса, Кыргызстанда калктын жаштык курамында олуттуу өзгөрүүлөр болушу мүмкүн. Азырынча өлкө салыштырмалуу жаш калкы бар мамлекет катары мүнөздөлгөнү менен, акыркы жылдары балдардын жана жаштардын үлүшү акырындап азайып, улгайган калктын саны өсүүдө.

Мунун натыйжасында калктын курактык тең салмактуулугу өзгөрүп, келечекте структура “карыраак” моделге өтүшү ыктымал. Бул өз кезегинде саламаттык сактоо системасына кошумча талаптарды жаратат. Айрыкча өнөкөт оорулар болгон жүрөк-кан тамыр жана эндокриндик илдеттерди дарылоого болгон муктаждык өсөт. Узак мөөнөттүү медициналык көзөмөлгө жана карыларды кароого болгон суроо-талап көбөйөт. Натыйжада медициналык мекемелерге жүк артып, мамлекеттик чыгымдардын көбөйүшү күтүлөт.

Жыйынтыгында төрөлүүнүн төмөндөшү узак мөөнөттүү келечекте өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө жана социалдык туруктуулугуна да таасирин тийгизе турган факторлордун бири болуп калат.

— Төрөттү стимулдаштыруу үчүн кандай программалар ишке ашырылууда?

— Кыргызстанда үй-бүлөлөрдү колдоого жана төрөттү стимулдаштырууга багытталган бир катар чаралар этап-этабы менен ишке ашырылып жатат. Бул демилгелер негизинен каржылык колдоо көрсөтүү, социалдык коргоону күчөтүү жана үй-бүлө институтун бекемдөөгө багытталган. Мындай саясат үй-бүлөлөрдүн социалдык абалын жакшыртууга шарт түзүп, балалуу болуу чечимине таасир этүүчү факторлорду жумшартууну көздөйт.

— Репродуктивдүү ден соолук жана үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча билим берүү канчалык деңгээлде жүргүзүлөт?

— Бул багытта өлкөдө бир катар билим берүү кампаниялары жана программалар иштеп жатат. Алар мамлекеттик деңгээлде гана эмес, эл аралык жана бейөкмөт уюмдардын колдоосу менен да жүзөгө ашырылууда.

Айрыкча Бириккен Улуттар Уюмунун Калк жайгаштыруу фонду (ЮНФПА) тарабынан ишке ашырылган долбоорлор маанилүү роль ойнойт. Уюм калк арасында маалыматтык кампанияларды өткөрүп, контрацепция тууралуу маалыматтын жеткиликтүүлүгүн кеңейтип, жаштар үчүн атайын тренингдерди уюштуруп турат. Биздин негизги максат — ар бир кош бойлуулуктун аң-сезимдүү жана коопсуз болушун камсыз кылуу. Мындан тышкары, Кыргызстан “Үй-бүлөнү пландаштыруу – 2030” глобалдык демилгесине 2018-жылы кошулуп, өспүрүмдөр арасындагы төрөттү азайтуу жана маалыматка жетүүнү кеңейтүү боюнча милдеттенмелерди алган.

Өлкө ичинде Республикалык ден соолукту чыңдоо борбору студенттер жана жаштар үчүн семинарларды, лекцияларды, интерактивдүү сабактарды жана маалыматтык кампанияларды өткөрүп келет. Айрым долбоорлор айыл жерлериндеги аялдарга жана үй-бүлөлөргө багытталып, кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде даярдалган маалыматтык материалдар аркылуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат.

— Шайирбек Алибаевич, бул билим берүү деңгээли төрөт көрсөткүчүнө кандай таасир этет?

— Адистердин баамында, калктын репродуктивдүү ден соолук боюнча маалымдуулугу түздөн-түз төрөт көрсөткүчүнө таасир этет. Билим деңгээли жогору болгон сайын үй-бүлөлөр балалуу болууну алдын ала пландап, кош бойлуулукка жоопкерчиликтүү мамиле кылат. Ошол эле учурда бүгүнкү күндө көптөгөн жаштар үй-бүлөнү аң-сезимдүү пландаштыруу боюнча жетиштүү маалыматка ээ эмес. Натыйжада айрым чечимдер алдын ала ойлонулбай кабыл алынат.

Жыйынтыктап айтканда, өлкөдө билим берүү кампаниялары активдүү жүргүзүлүп, ар кандай форматтагы программалар бар. Бирок бул система азырынча бардык катмарды толук камтый элек. Маалымат берүү көбүнчө үзгүлтүктүү мүнөздө болуп, милдеттүү деңгээлге жеткен эмес. Бул багытты күчөтүү — репродуктивдүү саламаттыкты жакшыртуунун жана демографиялык туруктуулукту камсыздоонун маанилүү шарттарынын бири.

— Сиздин оюңуз боюнча, өлкөдө төрөттүн санын көбөйтүүгө жана калктын картаюусунун тобокелдиктерин азайтууга кандай чаралар натыйжалуу болушу мүмкүн?

— Бул маселеде универсалдуу же тез натыйжа бере турган “сыйкырдуу чечим” жок. Эл аралык тажрыйба көрсөткөндөй, эң ийгиликтүү өлкөлөрдүн өзүндө да төрөт көрсөткүчүн кескин жогорулатуу мүмкүн болгон эмес. Көбүнчө ал бир аз гана өсүш менен чектелет. Ошондуктан Кыргызстан үчүн эң туура ыкма — бир багытка гана басым жасабастан, комплекстүү саясат жүргүзүү. Башкача айтканда, экономикалык, социалдык жана маданий факторлорду айкалыштырган узак мөөнөттүү стратегия керек.

Биринчи кезекте, жаш үй-бүлөлөр үчүн туруктуу экономикалык шарттарды түзүү маанилүү. Туруктуу жумуш, жеткиликтүү турак жай жана кирешенин кепилдиги балалуу болуу чечимине түздөн-түз таасир эткен факторлор.

Экинчиден, социалдык колдоо механизмдерин күчөтүү зарыл. Балалуу үй-бүлөлөргө берилүүчү жөлөк пулдар, бала багуу инфраструктурасы (бала бакчалар, медициналык кызматтар) жеткиликтүү жана сапаттуу болушу керек.

Үчүнчүдөн, жумуш менен үй-бүлөлүк жашоону айкалыштырууга шарт түзүү маанилүү. Айрыкча аялдар үчүн ийкемдүү иш графиги, декреттик саясат жана иш берүүчүлөрдүн колдоосу чоң роль ойнойт.

Мындан тышкары, калктын картаюусуна ыңгайлашуу да өзүнчө багыт катары каралышы керек. Бул — улгайган жарандар үчүн медициналык жана социалдык кызматтарды өнүктүрүү, активдүү карылык саясатын киргизүү дегенди билдирет.

Жыйынтыгында, негизги максат төрөттү кандай гана болбосун көбөйтүү эмес, үй-бүлөлөр үчүн коопсуз, туруктуу жана алдын ала пландалган шарттарды түзүү. Менимче, жогоруда айтып кеткен ыкмалар узак мөөнөттүү демографиялык тең салмактуулукту камсыздай алат деп айта алам.

— Сиздердин улуттук борбордун жаңы төрөлгөн балдар бөлүмүндө кандай ымыркайлар дарыланат?

— Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жаңы төрөлгөн жана ара төрөлгөн балдар патологиясы бөлүмү өлкөдөгү алдыңкы адистештирилген неонаталдык кызматтардын бири болуп эсептелет. Бул бөлүм 1997-жылдан бери иштеп, Кыргызстандын бардык аймактарынан келген жаңы төрөлгөн жана жашоосунун алгачкы айындагы ара төрөлгөн ымыркайларга медициналык жардам көрсөтөт.

Бул жерде ар кандай оордуктагы, анын ичинде абалы оор жана реанимациялык жардамга муктаж болгон балдар дарыланат. Заманбап жабдуулар жана жогорку квалификациялуу адистер оор клиникалык учурларда да натыйжалуу кароого мүмкүндүк берет.

2025-жылдын жыйынтыгы боюнча бөлүмдө 1000ден ашуун ымыркай дарыланган. Бейтаптардын жарымына жакыны Чүй облусунан, төрттөн бири Бишкек шаарынан, калган бөлүгү башка аймактардан келген. Негизги агым башка медициналык мекемелерден жолдомо менен түшкөндөр (60%), ошондой эле өз алдынча кайрылгандар да бар (24%). Ооруканада болуунун орточо узактыгы 10,2 күндү түзүп, керебеттердин толуктугу 90 пайызга жетет. Бул адистештирилген неонаталдык жардамга болгон муктаждык жогору экенин айгинелейт.

— Кайсы оорулар менен көбүнчө кайрылышат?

— Бөлүмгө жаткырылган ымыркайлардын арасында эң көп кездешкен диагноздор перинаталдык мезгилге байланыштуу инфекциялар, неонаталдык сарык, пневмония, неонаталдык сепсис жана энцефалопатиянын ар кандай формалары. Акыркы жылдары сепсис, перинаталдык инфекциялар жана геморрагиялык оорулардын көрсөткүчү төмөндөп жатканы байкалууда. Бул кош бойлуулук жана төрөт учурундагы медициналык жардамдын сапаты жогорулап жатканын көрсөтөт.

Өзгөчө көңүл 28-33 жумада ара төрөлгөн ымыркайларга бурулат. Алар эң жогорку тобокелдик тобуна кирип, бардык өлүм учурларынын 85,7 пайызын түзөт. Мындай балдар интенсивдүү терапияны, анын ичинде дем алдыруу колдоосун, атайын тамактандырууну жана күчөтүлгөн дарылоону талап кылат. Бүгүнкү күндө жаңы төрөлгөндөр арасындагы өлүмдүн негизги себептери катары сепсис жана тубаса жүрөк оорулары калууда.

— Бөлүмдүн негизги багыттары кандай?

— Негизги багыт — алдын алуу жана системаны өркүндөтүүгө жасалууда. Анын ичинде үй-бүлөнү пландаштыруу, тубаса жана тукум куучу оорулардын алдын алуу, инфекцияларды көзөмөлдөө, жаңы төрөлгөн ымыркайларды өз убагында туура багыттоо.

Ошондой эле аймактардан ымыркайларды коопсуз ташуу, Бишкек шаарындагы төрөт мекемелери менен өз ара байланыштарды күчөтүү маанилүү багыттардын бири болуп саналат. Мындан тышкары, бөлүмдүн дарыгерлери илимий жана билим берүү иштерине да активдүү катышып, клиникалык протоколдорду иштеп чыгып, аймактарда окутуу семинарларын өткөрүшөт жана эл аралык уюмдар менен кызматташат.

Кенже Осмоналиева

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X