Ереванда Садыр Жапаровду расмий тосуп алуу аземи өттү

17-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 143

Бүгүн, 17-октябрда, Ереван шаарында Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду Армения Республикасынын Премьер-министри Никол Пашиняндын расмий тосуп алуу аземи болуп өттү.

Президенттик сарайда оркестр эки өлкөнүн мамлекеттик гимндерин аткарды. Андан соң лидерлер расмий делегациялардын мүчөлөрү менен учурашты.

Аземден кийин Садыр Жапаров менен Никол Пашинян бетме-бет форматта сүйлөшүүгө өтүштү.

17-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 143
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X