"Эркин-Тоо"

Эркингүл Курманалиева: “Карылар үйүндө мерез адам иштей албайт”

“Үмүт үйү” социалдык стационардык мекемесинин жетекчиси Эркингүл Курманалиева

Улустун улуу күнү Нооруз майрамына карата карылар үйүндө майрамдык иш-чара өтөт деген кабарды угуп, карылар үйүнө бет алдым. Күзөттөн өткөндө мизилдете шыпырылган таза короо жана тыкан, жакшынакай имарат көрүндү. Коридордо арабасы менен өтүп жаткан майып адамдардын аркасынан ээрчий басып барсам, оюн-зоок өтүүчү залдагы орундуктарга улгайган аял-эркектер толуп калган экен.

-“Жыргаганымдан жылкычы болуптурмунбу” дегендей, бул жакка эч ким жыргаганынан келбейт. Бекер отуруп калышса кайгыга көмүлүп-чөмүлүп кетишет. Мурунку турмушун, балдарын эстеп капаланабы, депрессияга тез-тез түшкөн учурлары болот. Ошондуктан булардын чүнчүп кетишине жол бербей, ар кандай оюн-зоок өткөрүп, алаксытып, көңүлдөрүн ачканга аракет кылабыз. Календарда кандай майрам болсо баарын белгилейбиз. Ал гана эмес өзүбүз ойлоп тапкан күз майрамы өңдүү кошумча шаан-шөкөттү дагы тартуулап турабыз. Быйыл 23-февралда мырзаларыбыздын катышуусунда “Ардактуу жоокер” ал эми 8-мартта апаларга, эжелерге арнап “Жаз айым” аттуу сулуулар сынагын өткөрдүк” деп Эркингүл эже айтып отурду.

Аңгыча “Түндүгүм Кыргызстан” аттуу сынак да башталды. Сынакта ар улуттун атынан беш тайпа ат салышты. Ар бир тайпа өзүнчө улуттук тамак-аш жасап, улуттук кийимдерди кийип ырдап-бийлешти. Ырчы жигит “Кел, Ноорузум” деген ырды залды термелте аткарса, алып баруучу жигит  баарынын көңүлүн алып күлүңдөп, куюлуштура сүйлөп жатты. Атын атаганды каалабаган жеке ишкер “Үмүт үйүнүн” ар бир өкүлүнө жакшынакай белектерин тапшырды. И.Арабаев атындагы Кыргыз Мамлекеттик Педагогикалык Университетинин студенттери чогултуп келген акчасын конвертке салып, иш-чаранын активдүү катышуучуларына тапшырды. Азга болсо дагы майрамдын шаңы менен жүрөк жарасынан, башындагы түркүн ойлордон алыстап күлүп, ырдап жатышкан адамдарды карап ичимден сызып отурдум. Биздин аркабызда жакындарын, балким эчен жолу элестетип көргөн кыялындагы бактылуу турмушун сагынып саргайган, зарыккан, көздөрү муңдуу адамдар кол чаап жатышты.

-Бизде багар-көрөрү жок улгайган адамдардын көбөйгөнүнө эгемендикти алгандан кийинки ички-тышкы миграциянын дагы тийгизген таасири бар. Балдары чет өлкөгө иштегени кетип, кароосуз калгандар, келинине батпай келгендер, же небересине таарынычы барлар да кездешет. Улуу орус эли көп учурда кыздары менен жашайт эмеспи, алар күйөө баласы менен пикир келишпестиктен бизге туш болушат. Ким эмне себептен келгенин өзү айтып бербесе биз сурабайбыз. Жараатын жаңырткыбыз келбейт. Бизге келдиби, кам көргөнгө милдеттүүбүз. Жөн эле ала бергенге да укугубуз жок, райондук социалдык өнүгүү башкармалыгынын жолдомосу менен гана кабыл алынат – деген Эркингүл эже мекеменин иштегенине канча жыл болгонунан дагы кабар берип отурду.

Мекеменин мамлекет тарабынан түзүлгөнүнө 62 жыл болду. Учурда 200 дөн ашуун жаран жашайт. Анын 60% кыргыздар түзөт. Кыргыздар жыл сайын көбөйгөндөн-көбөйүп бара жатканын өкүнүү менен белгилеп өттү. “Үмүт үйү” бүгүнкү күндө социалдык тейлөөнүн минималдык стандарты деген документтин алкагында иш алып барат. Социалдык медицина, тиричилик, педагогикалык, психологиялык, маданий кызматтары менен иш жүргүзүшөт. Калктын аялуу катмарын түзгөн бул жашоочулар сергек жана көңүлдүү жашашы үчүн күн алыс алек боло турган “Арт-терапия” сабагы  бар. Музыкага, ырга шыктуулар үчүн ырдоо тобу да түзүлгөн.

-Баарынын эле ырга-бийге шыгы боло бербейт да. Ошол үчүн кол өнөрчүлөр бөлмөсүн дагы ачып койгонбуз. Ар кандай кол иштерин жасап өнөрүн өркүндөтүүгө шартыбыз бар. Китепканабыз экинчи кабатта жайгашкан. Орус-кыргыз тилиндеги китеп, гезит-журналдарды окушат. Андан сырткары машыгуу залы, массаж жасоочу бөлмө да уюштурулган. Төрт маал тамактанышат. Ар күнү түрдүү тамак-аш жасалышы керектигин эскертип,  күн сайын өзүм көзөмөлдөп турам. Мурда бир адамдын бир күндүк тамагына 100 сом бөлүнчү. Былтыртан бери ал эки эсеге көбөйдү. Айлык маянабыз да көтөрүлдү. Мунун  баары мамлекеттин камкорлугу деп ыраазы экенин да белгилей кетти жетекчи.

Эженин бир сырдуу, бейпил, мээримдүү жүзүн карап отуруп “эже, карылар үйүнө кандайча иштеп калдыңыз эле” деген суроомо мындайча жооп берди:

-“Мурда билим берүү тармагында иштечүмүн. “Үмүт үйүнө” жетекчи болуп келгениме 12 жыл болду. Бул жакка иштеп калганыма ата-энемдин дүйнөдөн эрте өтүп кеткени түрткү болду. Мен 25 жашка чыкканымда бир жылдын ичинде экөө тең удаа каза болуп калды. 25 жашыңда бала эле болот экенсиң. Ата-энем мени бакты, тарбиялады, жогорку окуу жайга окутту, турмушка узатты. Алар ата-энелик милдетин толук аткарышты, а мен балалык милдетимди алардын алдында өтөгөнгө үлгүрбөй калганыма өзөгүм өрттөндү. Көп жыл өкүнүп жашадым. Жүрөгүмдө бир айтып бере алгыс муң бар эле. Качан ушул карылар үйүнө келип, бирөөлөрдүн таштап кеткен ата-энесине кызмат кылганымда жүрөгүмдөгү оору азайып баратканын сездим. “Бирөөгө кор, бирөөгө зар” деген ушу. Менин ата-энем төшөктө араң жан жатса да оозуна суу тамызып турганыма ыраазы болуп багат элем. Эки көзүн жылтыратып аман эле болсо кана? Төрдө гана зыңкыйып отура турган колу-буту баскан жакшынакай эне-атасын таштап кетишет балдары” – деди каңырыгы түтөй.

Бир чоң үй-бүлөгө айланган карылар үйүнүн жашоочулары мээримдүү, камкор адамдын көзөмөлүндө экенине жүрөгүм жылыды. “Мындай жерге жүрөгү катуу, мерез адамдар иштей албайт” деген Эркингүл Курманалиева  алар ыйласа ыйлап, күлсө күлөт. Жаздын келгенине жетине албай “эми күн жылыса гүл сээп, көчөт отургузуп, жашылдандыруу иштери менен алаксыйбыз” дейт кубанып. Бир эле убакта энеси, атасы, жетекчилик милдетти алган мындай мээрбан адамдар бар үчүн дүйнөдө жакшылык али да сакталып, жер бетинде жашоо жакшынакай уланып жаткан экен да…

Афина Бакирова

 

 

 

 

 

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!