Эртең Бишкектин кээ бир аймактарында таза суу берилбейт

10-апрель, 2023-ж. / Редакция / Жаңылыктар 22

Эртең, 11-апрелде Бишкек шаарынын кээ бир аймактарында таза суу убактылуу берилбейт. Бул тууралуу «Бишкексууканал» мекемесинен кабарлашты.

Маалымдалгандай, өчүрүү «Гагарин», «Түштүк-Батыш» суу алгычтарындагы жана шаардагы таза суу түтүктөрүндөгү оңдоо иштерине байланыштуу жүргүзүлөт.

Саат 9:00дөн 24:00гө чейин төмөнкү көчөлөрдө суу берилбейт: Л. Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев, Гагарин, Муромская, Циалковский, Т.Фрунзе, Өмүр, Алыкулов, Ахунбаев, Көк-Жайык, Гагарин, Торугарт көчөлөрү, Жумушчулар шаарчасы, Айыл чарба институту, Ак-Өргө, Ак-Ордо конуштары (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы), Теңир-Тоо конушу (Ахунбаев көчөсүнүн төмөн тарабы).

Борбор калаанын мэриясы келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты ичүүчү сууну алдын ала камдап алуусун суранат.

10-апрель, 2023-ж. / Редакция / Жаңылыктар 22
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X