Эртең Улуттук тарых музейи расмий ачылат
Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов өзүнүн Facebook баракчасына жазды. Анын айтымында, музей ачылгандан кийин 10 күн бою кирүү акысыз болот.
«30-ноябрга дейре саат 10:00дөн 18:00гө чейин бардык жарандар музейге акысыз кире алышат», — деди министр.
Эске салсак, Улуттук тарых музейи 2016-жылдан бери эшигин ача элек.