Этникалык кыргыздар үчүн ЖОЖдо билим алууга 75 орун бөлүнгөн
Ал орундардын 30у Өзбекстанда жашаган этникалык кыргыздар үчүн бөлүнсө, Тажикстандагы кыргыздарга 23, Казакстан, Түркияга беш орун жана Кытайдагы кыргыздар үчүн 10 орунга квота берилет. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин Эл аралык кызматташтык башкармалыгынын башкы адиси Эрлан Кожоев ММКлардын бирине берген маегинде билдирди. Анын айтымында ЖОЖдорго тапшырган этникалык кыргыздарга жатакана берилип, стипендия дагы төлөнөт