Гаитидеги жер титирөөдөн каза болгондордун саны 2 миңге жетти
Өлкөнүн жарандык коргонуу кызматы билдиргендей, табигый кырсыктан 1941 адам каза болуп, жаракат алгандардын саны 9 миңден ашты.
Эскерте кетсек, 14-августта Гаитиде күчү 7,2 баллга жеткен жер титирөө катталган. Алгач аралдын түндүгүндө жайгашкан Петит Трю де Нип айылында башталган жер титирөөдө 1419 адам көз жумганы айтылган эле.