СССРдин Аба-десант аскерлеринин командасычы генерал Василий Маргеловдун уулу, РФ Федерация кеңешинин эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Михаил Маргеловдун атасы, советтик жана россиялык чалгынчы, РФнын Тышкы чалгын кызматынын директорунун мурдагы орун басары (1997-2003), генерал полковник Виталий Маргелов 80 жашка караган курагында коронавирустун оорлошуусунан көз жумду деп кабарлады РБК. Ал ФСБнын госпиталында дарыланып жаткан.