Гимн менен бирге жаңырган ысым
Кыргызстандын ар бир салтанатында жаңырган гимн — бир гана мамлекеттик символ Эмес, бүтүндөй улуттун жүрөгүнөн чыккан ыйык ураан. Анын ар бир сабында кыргыз жеринин касиети, элдин тарыхы, эркиндикке болгон эңсөөсү жана келечекке болгон ишеними камтылган. Ушул улуу саптардын жаралышына өзүнүн акындык талантын жана мекенчил жүрөгүн арнаган Шабданбек Кулуев — өмүрүн агартууга, өнөрүн элге кызмат кылууга жумшаган залкар инсан. Быйыл арабызда болгондо 85 жашка толмок.
Эл мугалиминин ысымы кыргыз элинин гимни менен бирге кылымдарга жаңырып турары талашсыз. Шабданбек Кулуев ондон ашык китептин автору, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнинин сөзүнүн авторлорунун бири, Кыргыз Республикасынын эл мугалими, маданиятка эмгек сиңирген ишмер жана башка көптөгөн наам-сыйлыктарга ээ болгон. Эгемендүү Кыргызстандын мамлекеттик гимнин жаратууга Кыргыз эл акыны Жалил Садыков менен бирге катышканы анын өмүрүндөгү эң маанилүү эмгектеринин бири болду. Бирок ал жетишкендиктерине карабай чыгармачылыгын токтотпой, кыргыздын тарыхын, улуу инсандарын, элдин руханий баалуулуктарын даңазалаган чыгармаларды жаратып келди. Залкар инсандын мааракесин утурлай анын замандаштарынын пикирлерин гезит бетине жарыялоону туура көрдүк.
Эсенбек Мамбетакунов, академик, профессор, педагогика илимдеринин доктору:
“Шабданбек Кулуев өз рухун өмүр бою чыгармачылыкка арнады”
— Шабданбек Кулуев менен 60 жылга жакын чогуу жүрүп, анын адамдык сапатына, билимге жана чыгармачылыкка болгон умтулуусуна күбө болдум. Студенттик кезден эле сөзгө чечен, тамашакөй, адамдардын мүнөзүн байкай билген өзгөчө сапаттары бар эле. Кийин математика адистигин өздөштүрүп, мугалимдик кесипти аркалап, физика менен математиканы окутту. Мугалимдик кесиптен кол үзбөй, чыгармачылыкка да акырындык менен аралашып, ыр, фельетон, аңгеме жана башка чыгармаларды жаратты.
Шабданбек жасалма мүнөзү жок, кандай болсо ошондой көрүнүп, адамдык сапатын бийик туткан инсан эле. Үй-бүлөсүнө камкор ата, достукка бекем жолдош болуп, балдарынын, неберелеринин билим алуусуна өзгөчө көңүл бурду. Анын бүт өмүрү мугалимдикке, чыгармачылыкка, эл-жерге ак кызмат кылууга арналган өмүр болду. Ошондуктан Шабданбек Кулуевдин артында анын эмгеги, чыгармалары жана аны билген адамдардын жүрөгүндө калган жаркын элеси калды.
Султан Раев,
Кыргыз эл жазуучусу, ТүркСОЙдун башкы катчысы:
“Өмүрдөн да узак жашай турган мурас калтырды…”
— Гимн тууралуу ким эмне билет?
Гимн – ар бир элдин улуттук духун, тарыхын жана мамлекеттүүлүгүн камтыган эң башкы символдордун бири. Кыргызстандын мамлекеттик гимни да эгемендүүлүктүн жана суверенитеттин ыйык белгиси катары өзгөчө мааниге ээ. Анын авторлору — залкар композиторлор Калый Молдобасанов, Насыр Давлесов жана таланттуу акындар Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуев. Алардын эмгеги мезгил сыноосунан өтүп, кыргыз элинин руханий мурасына айланды.
Шабданбек Кулуев бүткүл өмүрүн билим берүү тармагына арнап, мугалимдик кесип менен акындык өнөрдү айкалыштырган инсан болгон. Анын чыгармаларында туулган жер, мекен, эл жана мекенчилдик идеясы кеңири орун алган. Жөнөкөйлүгү, адамгерчилиги жана айкөлдүгү менен айырмаланган Шабданбек агай Кыргыз Республикасынын эл мугалими деген бийик наамга татыган.
Өмүрү элетте өткөнү менен артында адабий жана руханий баалуулуктарга бай мол мурас калтырган. Анын эң чоң эмгектеринин бири — Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнинин текстин жаратууга кошкон салымы. Бул — бир адамдын өмүрүнөн да узак жашай турган, кылымдарга өчпөс улуу мурас.
Советбек Байгазиев, Кыргыз Республикасынын эл жазуучусу, филология илимдеринин доктору, профессор:
“НАРКТУУ ИНСАНДЫН ӨЧПӨС ИЗИ”
— Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнинин авторлорунун бири Шабданбек Кулуев — Эл мугалими, акын, педагог катары кыргыздын нарк-насилин терең алып жүргөн асыл инсан эле. Ал көп жыл билим берүү тармагында үзүрлүү эмгектенип, балдардын психологиясын мыкты түшүнгөн тажрыйбалуу мугалим, билим берүүнүн көйгөйлөрүн терең билген агартуучу, тарыхты чечмелеп айтып бере алган даанышман, мыкты ырларды, термелерди жана сатираларды жараткан калемгер катары кесиптештеринин урмат-сыйын алган. Эл мугалими, гимндин авторлорунун бири болгонуна карабай, өзүн жөнөкөй алып жүрүп, адамдык сапаты жана жүрүм-туруму менен да үлгү болгон.
Шабданбек ага өзгөчө нарктуу, терең ой жүгүрткөн, мээримдүү ата жана мекенчил инсан эле. Анын тарыхты билүүсү, кыргыздын ата-тегин терең изилдеп, чечмелеп айтып берүүсү өзгөчө таасир калтырчу. Экөөбүздүн ата-тегибиздин Кулжыгач бабадан биригиши да өзүнчө кызыктуу эскерүү болуп калды. Кулжыгачтай даңктуу бабадан тараган Шабданбек Кулуев да кыргыз элине баалуу мурас калтырып, артында өчпөс из калтырды. Анын аты да, эмгеги да эл эсинде түбөлүк жашайт.
Сулайман Рысбаев, Кыргыз эл жазуучусу, педагогика илимдеринин доктору, профессор:
“АЙЫЛДЫК МУГАЛИМ — КЫРГЫЗ ГИМНИНИН АВТОРЛОРУНУН БИРИ”
— Менин кичи мекеним — Токтогулдун Сары-Камышы менен Жумгалдын Кызыл-Ой айылы Көкөмерен суусун жээктей жайгашкан, ортосун атактуу Кырк-Кыз ашуусу бөлүп турган эки айыл. Эзелтеден бул айылдардын эли жайлоону чогуу пайдаланып, аш-тойлорун бирге өткөрүп, кыз алып, кыз беришип, эриш-аркак жашап келишкен. Ошол себептен Шабданбек Кулуев аке менен таанышкан күндөн тартып туугандай учурашып, эл-жер, жер аттары, уламыштар тууралуу сүйлөшүп жүрдүк. Мен анын ысымын алгач гезит-журналдардан, өзгөчө кыргыздын атактуу балбаны Кожомкул тууралуу жазган аңгемелеринен таанып билгем.
Кийин Шабданбек Кулуев Кыргыз Республикасынын мамлекеттик гимнинин авторлорунун бири экенин укканда, баягы Кожомкул тууралуу кызыктуу окуяларды жазган Кызыл-Ойдун жөнөкөй мугалими экенин билдим. Бир жолу балдарым менен Кызыл-Ойго атайын кайрылып, агайдын үйүнө барып учураштык. Шабданбек аке бизди жылуу кабыл алып, эл-жердин тарыхы, Кырк-Кыз, Ат-Сүрөөчү-Тумшук сыяктуу жерлердин аталышы тууралуу кеңири айтып берди. Ошондо анын сөзгө бай, билими терең, элдик нарк-салтты мыкты билген, жөнөкөй да салабаттуу инсан экенине күбө болдум. Бала кезимде Зыфар Эгембердиев Абдылас Малдыбаевди бизге тааныштыргандай, мен да бул жолкусунда балдарыма эгемендүү Кыргызстандын гимнинин авторлорунун бири Шабданбек Кулуевди тааныштырдым.
Шабданбек аке да Кожомкул балбан сыяктуу өмүрүн элине арнап, артында өчпөс из калтырды. Бүгүн кыргыздын гимни таң сайын, кеч сайын, расмий салтанаттарда жана дүйнөнүн ар кайсы жеринде жаңырганда, анын калеминен жаралган саптар да кошо жаңырып тургандай сезилет. Анткени бул — улуттук гимндин авторунун элине калтырган түбөлүк мурасы. Шабданбек Кулуев менен Кыргыз эл акыны Жалил Садыковдун калеминен жаралган гимн жаңырган сайын алардын аты да, элеси да жашап, авторлорунун экинчи өмүрү улана берет.
Каныбек Иманалиев, Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы, саясат таануу илимдеринин доктору:
“Жөнөкөйлүктөн улуулук жаралган…”
— 1991-жылы эгемен Кыргызстандын жаңы гимнин жазууга сынак жарыяланып, ага акын-жазуучулардан тартып мектеп окуучуларына чейин көпчүлүк катышкан. Жыйынтыгында Кыргыз эл акыны Жалил Садыков менен айылдык мугалим Шабданбек Кулуевдин чыгармасы жеңип чыгып, өлкөнүн гимни болуп бекитилген. Белгилүү акын менен катар жөнөкөй айылдык мугалимдин автор болушу кыргыз элинин өзгөчөлүгүн, жөнөкөйлүктөн улуулук жараларын көрсөткөн окуя болду.
2010-жылы гимндин текстин өзгөртүү маселеси көтөрүлүп, атайын комиссияга мүчө болгом. Ошондо Шабданбек агай менен таанышып, анын маанайынын оор экенине күбө болдум. Ар кандай жаңы тексттер сунушталганы менен алардын эч бири элге сиңип калган гимндин деңгээлине жеткен жок. Жыйынтыгында гимндин текстин өзгөртүүгө негиз жок деген бүтүмгө келип, анын сөзү да, обону да сакталып калды.
Бүгүн кыргыз гимни — эгемендиктин, эркиндиктин жана элдин келечекке болгон ишениминин символу. Ал ата-бабалардын керээзин, азаттыктын ураанын камтып, кыргыз элин дүйнөгө эркин эл катары таанытып турат. Гимнди жараткан Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуевдин эмгеги элдин эсинде түбөлүк сакталууга тийиш.
Чынайым Кутманалиева