Глобалдык жылуулук коркунучтуу деңгээлге жетти

21-октябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Дүйнө 26

Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун айлана-чөйрөнү коргоо программасында айтылды. Документте өнөр-жай тармактары газ, мунай жана көмүр өндүрүүгө ашкере көп байланган өлкөлөрдүн өкмөттөрүнө глобалдык жылуулук коркунучтуу деңгээлге жетип калганы эскертилген.

Ошондуктан климаттын өзгөрүүсүнө өбөлгө түзүп жаткан зыяндуу энергия булактарын колдонуудан баш тартып, шамал, күн жана суу энергетикасы сыяктуу таза энергия булактарына өтүү демилгеси көтөрүлдү. Эскерте кетсек, айлана-чөйрөнү булгап, глобалдык аптапка шарт түзүп, зыяндуу энергия булактарын өндүрүүчү Россия баш болгон эң ири 15 өлкө атайын тизмеге киргизилген. Зыяндуу газ бөлүп чыгаруу боюнча дүйнөдө 8-орунда турган Индонезия жакында көмүр электр станцияларын колдонуудан баш тартарын жарыялаган.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X