Гоголь көчөсүндөгү окуя: төрт шектүү кармалды

10-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Кылмыш 129

Бишкектин Гоголь көчөсүндө жаранга дене жаракаттарын келтирип, сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасоого шектелген төрт адам кармалды.

Милициянын маалыматына караганда, 9-октябрда Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына Г.Р. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал Гоголь көчөсүндө белгисиз адамдар ага дене жаракаттарын келтирип, сексуалдык мүнөздөгү аракеттерди жасашканын билдирген.

Бул факт боюнча «Каракчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө «Коопсуз өлкө» долбоорунун видеокөзөмөл камералары аркылуу Т.А., Э.А., З.А. жана К.А. аттуу төрт жарандын өздүгү аныкталып, алар милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Учурда шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда.

10-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Кылмыш 129
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X