Голливуд жылдыздары Кырчында: Бай Лин жана Дон Уилсон Баткен Ордодо
Кыргызстандык белгилүү маданият ишмери Ассоль Молдакматова VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына келген Голливуд жылдыздары Бай Лин жана Дон «Дракон» Уилсонду Кырчын жайлоосунда кыргыз маданияты менен тааныштырды.
Алар «Көчмөндөр ааламы» этномаданий шаарчасындагы Баткен облусунун «Баткен Ордосуна» барып, аймактын тарыхы, каада-салты, улуттук кол өнөрчүлүгү жана маданий мурастары менен таанышты.
Конокторго Баткендин өзгөчө символдорунун бири болгон Айгүл гүлү, өрүкзарлары жана улуттук тамак-аштары тууралуу маалымат берилип, кыргыз элинин салттуу маданияты тартууланды.
Бай Лин жана Дон «Дракон» Уилсон кыргыздын улуттук маданиятына кызыгуу менен күбө болуп, Кырчындагы этномаданий иш-чараларга катышууда.