Гүлбара Оморова, мөңгү изилдөөчү: Узак мөөнөттүү суу тартыштыгы жаралышы мүмкүн
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандагы мөңгүлөрдү жана Ысык-Көлдү коргоо фондун түзүү жөнүндө жарлыкка кол койду. Жаңы фонд аркылуу эл аралык уюмдардан, климаттык фонддордон, каржы институттарынан жана донорлордон каражат тартуу пландалууда. Бул каражат мөңгүлөрдү жана суу ресурстарын коргоого, Ысык-Көлдүн экосистемасын сактоого, сууну үнөмдөөчү технологияларды киргизүүгө жана мониторинг системасын өнүктүрүүгө жумшалат.
Бул демилге албетте мөңгүлөрдүн тез кыскарып жаткандыгынан улам көтөрүлдү. Адистердин айтымында, акыркы жылдарда Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн аянты жана массасы азайып, айрымдарынын тилдери жыл сайын артка чегинүүдө. Андыктан мөңгүлөрдүн азыркы абалы кандай? Климаттын өзгөрүшү аларга кандай таасир берип жатат? Мөңгүлөрдүн азайышы ичүүчү сууга, айыл чарбасына жана сугатка кандай коркунуч жаратышы мүмкүн? Президенттин жаңы фонду бул көйгөйлөрдү чечүүгө канчалык жардам берет? Ушул жана башка суроолорго жооп алуу үчүн мөңгү изилдөөчү Гүлбара Оморовага кайрылдык.
— Гүлбара айым, сиз Кыргызстандагы мөңгүлөрдү изилдеп жүргөн саналуу адистердин бирисиз. Акыркы жылдары ак кар, көк муздуу Ала-Тоолорубузда кандай өзгөрүүлөр болуп жатат?
— Кыргызстандагы мөңгүлөр азыр интенсивдүү түрдө кыскарып жатат. Мөңгүлөрдүн калыңдыгы жукарып, көлөмү азайып, айрым чакан мөңгүлөр бөлүнүп же таптакыр жок болууда. Биз мөңгүлөргө талаа экспедицияларында барып, бул процесстерди түздөн-түз көрүп жатабыз. Абляция, башкача айтканда мөңгүнүн эриши күчөп, кардын көлөмү азайып, мөңгүнүн тили жыл сайын артка чегинүүдө. Жалпысынан Кыргызстанда байкоого алынган мөңгүлөрдүн массалык балансы терс болуп жатат. Жөнөкөй тил менен айтканда, мөңгү кышында жана жазында топтогон кар менен муздун көлөмүнө караганда жайында көбүрөөк масса жоготууда. Ошондуктан мөңгү акырындык менен өзүнүн суу запасын азайтып жатат. Байкоолор боюнча, акыркы 50 жылда Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн жалпы аянты болжол менен 20–25 пайызга кыскарган. Айрым бассейндерде бул көрсөткүч кыйла жогору. Мисалы, Талас бассейнинде мөңгүлөрдүн кыскарышы 40–45 пайызга чейин жетти. Мен изилдеген Адыгене мөңгү системасында да өзгөрүү абдан ачык көрүнөт. Спутниктен жана талаа маалыматтарынан Адыгене мөңгүлөрүнүн аянты 1962-жылдан 2025-жылга чейин болжол менен 3,5 чарчы километрден 2,8 чарчы километрге чейин азайганын көрүүгө болот. Бул бир күндө болгон өзгөрүү эмес. Биз бүгүн көрүп жаткан көрүнүш көп жылдардан бери жүрүп жаткан процесстин жыйынтыгы.
— Дагы кайсы мөңгүлөр эң тез эрип жатат?
— Ар бир мөңгүнүн бийиктиги, көлөмү, экспозициясы, кардын топтолушу, мореналык жабуусу жана климаттык шарттары ар башка. Адатта чакан жана төмөнкү бийиктикте, болжол менен 3500 метрлерде жайгашкан мөңгүлөр климаттын жылышына көбүрөөк сезимтал болот. Адыгене, Голубина, Кара-Баткак, Абрамов сыяктуу узак убакыттан бери изилденип келе жаткан мөңгүлөрдө олуттуу өзгөрүүлөр байкалат. Мисалы, 2026-жылдагы биздин өлчөөлөрдө Адыгене мөңгүсүндө айрым тилкелерде абляция 4–4,5 метрге чейин жетти. Бирок илимий жактан туура жыйынтык чыгаруу үчүн бир нече жылдык, бирдей методология менен алынган маалыматтарды салыштыруу керек. Негизги фактор климаттын жылышы болууда. Абанын температурасы жогорулаганда мөңгүнүн эрүү мезгили узарат. Кышында жана жазында түшкөн кардын бир бөлүгү музга айланып, мөңгүдө сакталып калбай туруп эле эрип кетет. Мөңгү үчүн жаан-чачындын режими, кышында канча кар түшкөнү жана ал кардын жайга чейин сакталышы да абдан маанилүү. Мындан тышкары жергиликтүү антропогендик факторлор да бар. Жол куруу, техниканын кыймылы, курулуш жана айрым аймактардагы туризм мөңгүлөргө кошумча басым жаратышы мүмкүн. Айрыкча чаң жана кара көмүртек сыяктуу бөлүкчөлөр кардын же мөңгүнүн бетине түшсө, анын күн нурун чагылдыруу жөндөмү төмөндөйт. Натыйжада мөңгү күндүн энергиясын көбүрөөк сиңирип, тезирээк эриши мүмкүн. Андыктан адамзат, өнүгүү жолунда жаратылышка тийгизген зыяндын болушунча алдын алуусу керек.
Мөңгүнүн жайында эриши өзү табигый процесс. Негизги көйгөй эрүү менен топтолуунун ортосундагы тең салмактын бузулушунда. Эгер мөңгү кышында жана жазында жоготкон массасын кайра толуктай албаса, анын массалык балансы терс болуп калат. Ушундай процесс ондогон жылдар бою улана берсе, мөңгү акырындап кичирейет.
— Альпинизм мөңгүлөрдүн эришине таасир этеби? Адамдын буту тийген жерден мөңгү эрип баштайт деген сөз туурабы?
— Мөңгү адамдын буту тийген жерден эрип баштайт деген түшүнүк илимий жактан туура эмес. Бир альпинисттин же туристтин басып өткөнү мөңгүнүн жалпы массасын эритип жибербейт. Бирок, туризмдин жана альпинизмдин кыйыр таасири болушу мүмкүн. Мисалы, бийик тоолордо туристтик лагерлер көбөйгөн сайын таштанды, саркынды суу, даараткана маселеси жаралат. Мөңгүдөгү же мөңгүгө жакын жердеги адам калдыктары жөн гана эстетикалык көйгөй эмес. Алар эрип жаткан сууга түшүп, төмөн жактагы суунун санитардык сапатына таасир этиши мүмкүн. Ошондуктан туризмди токтотуу эмес, аны туура уюштуруу маанилүү. Принцип жөнөкөй: «пайдалануучу төлөйт». Эгер компания тоодон киреше тапса, таштандыны кайра алып чыгууга, санитардык инфраструктурага жана жаратылышты коргоого жоопкерчиликтүү болушу керек. Мөңгү — биздин суу системабыздын табигый резервуары. Мөңгү интенсивдүү эрип жаткан учурда дарыяларда суу көбөйгөндөй көрүнүшү мүмкүн. Бирок бул убактылуу эффект. Мөңгүнүн массасы азайган сайын анын кургак мезгилде дарыяларды суу менен камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү да төмөндөйт. Демек, бүгүн «суу көбөйдү» деген көрүнүш эртең узак мөөнөттүү суу тартыштыгына алып келиши мүмкүн.
— Мөңгүлөрдүн эриши сел коркунучтарын күчөтөбү?
— Ооба, айрым учурларда күчөтүшү мүмкүн. Мөңгүлөр артка чегинген сайын алардын алдында жана жанында мореналык көлдөр пайда болушу мүмкүн. Эгер мындай көлдүн дамбасы туруксуз болсо, ал жарылып, мөңгү көлүнүн жарылуусунан болгон селге алып келиши мүмкүн. Ошондуктан биз мөңгүнүн өзүн гана эмес, анын айланасында пайда болгон көлдөрдү, мореналарды жана дарыяларды да үзгүлтүксүз көзөмөлдөшүбүз керек. Бизде мындай окуялар болуп жатат. 2024-жылы Тез-Төр көлүндө жарым-жартылай жарылуу болгон. Ошол эле жылы Адыгене аймагындагы морена үстүндөгү термокарст көлүндө суу жер алдындагы каналдар аркылуу агып кеткен. Акыркы жылдары Зындан жана Такыр-Төр көлдөрүндө да кооптуу процесстер катталган.
Демек, биз бир эле учурда эки көйгөйгө туш болушубуз мүмкүн. Айрым мезгилдерде суу ашыкча келип, сел коркунучу күчөсө, узак мөөнөттүү келечекте мөңгүнүн азайышынан улам суу тартыштыгы жаралышы мүмкүн.
— Мөңгүнү сактап калууга болобу, же биз болгону анын эришин жайлата алабызбы?
— Бардык мөңгүлөрдү мурдагы абалына кайтарып коюу оңой эмес. Айрыкча климаттык шарт өзгөрүп жаткан учурда биздин негизги максат алардын эришин мүмкүн болушунча жайлатуу жана мөңгүдөн көз каранды болгон суу системасына алдын ала адаптация болуу. Бул үчүн глобалдык деңгээлде парник газдарынын бөлүнүшүн азайтуу жана жергиликтүү деңгээлде мөңгүлөргө болгон антропогендик басымды төмөндөтүү зарыл.
— Президенттин мөңгүлөрдү жана Ысык-Көлдү коргоо фондун түзүү демилгеси бул иштерге кандай жардам бере алат?
— Бул абдан маанилүү кадам. Анткени мөңгүлөрдү изилдөө жана аларга туруктуу мониторинг жүргүзүү чоң каражатты талап кылат. Фонд аркылуу эл аралык климаттык фонддордон, донорлордон жана башка каржы институттарынан каражат тартуу мүмкүнчүлүгү кеңейсе, узак мөөнөттүү илимий мониторингди жолго коюуга шарт түзүлөт. Бирок фонд түзүүнүн өзү эле жетиштүү эмес. Каражаттын кайда жумшалганы ачык-айкын болушу керек. Акча биринчи кезекте мөңгүлөрдү жана мөңгү көлдөрүн мониторингдөөгө, илимий изилдөөлөргө, заманбап жабдууларды алууга, эрте эскертүү системаларын өнүктүрүүгө жана суу ресурстарын коргоого багытталышы керек. Менин оюмча, фонддун негизги максаты «мөңгүнү сактап калабыз» дегенден кеңири болушу керек. Биз мөңгүлөрдүн өзгөрүшүнө жана анын кесепеттерине даярданышыбыз зарыл. Фондду түзүүдө биринчи орунда илимий мониторингге көңүл буруп, Кыргызстандагы мөңгүлөрдүн бүгүнкү абалын так билишибиз керек. Кайсы мөңгү канчага кичирейип жатат, канчалык жукарып жатат, массалык балансы кандай, кайсы мөңгү көлдөрү кооптуу — мунун баары системалуу түрдө өлчөнүшү керек. Экинчи багыт суу ресурстарын туура башкаруу. Үчүнчүдөн, мөңгү көлдөрүнө байланыштуу сел коркунучтарын алдын ала аныктоо жана эрте эскертүү системаларын өнүктүрүү зарыл. Бир адам глобалдык климаттын өзгөрүшүн токтото албайт. Бирок ар бир адамдын жүрүм-туруму маанилүү. Тоого чыкканда таштанды калтырбоо, мүмкүн болушунча таштандыны кайра алып түшүү, сууну булгабоо, жаратылышка этият мамиле кылуу — эң жөнөкөй кадамдар. Туристтик компанияларды да жоопкерчиликтүү болууга үндөө керек. Биз жаратылышты пайдалануу менен бирге аны сактоого да жоопкерчилик алышыбыз шарт.
Жазгүл Кенжетаева