Гульнара Акимбаева КМШ ПАнын Эксперттик кеңешинин жыйынына катышты
Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинин төрайымы Гульнара Акимбаева КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын алдындагы Эксперттик кеңештин жыйынына катышты.
Жыйында мыйзамдарды өркүндөтүү, укук колдонуу практикасын талдоо жана тажрыйба алмашуу маселелери каралды. Ошондой эле КМШга мүчө мамлекеттер үчүн моделдик укуктук актылардын жаңы долбоорлору талкууланып, улуттук мыйзамдарды шайкеш келтирүү жана санариптик укуктук стандарттарды киргизүү боюнча сунуштар иштелип чыкты.
Мындан тышкары, катышуучулар Шериктештиктин алкагында жарандардын укуктарын коргоонун актуалдуу маселелери боюнча пикир алышты.
Гульнара Акимбаева КМШ ПАнын алкагындагы кесиптик экспертиза Кыргызстандын мыйзамдарын өркүндөтүүдө маанилүү роль ойной турганын белгиледи.
«КМШ ПАнын алкагында жүргүзүлгөн кесиптик экспертиза Кыргызстандын мыйзамдарын өркүндөтүүдө ишенимдүү багыт болуп бере турган сапаттуу укуктук базаны түзүүгө өбөлгө түзөт», — деди ал.
Жыйындын жыйынтыгында Эксперттик кеңештин сунуштамалары КМШ ПАнын Укуктук маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жөнөтүлдү.