Хивада Түрк дүйнөсүнүн жаштар борбору – 2026нын ачылыш аземи болду
2026-жылдын 12-октябрында Өзбекстандын Хива шаарында «Хива – Түрк дүйнөсүнүн жаштар борбору – 2026» жылынын расмий ачылыш аземи өттү. Иш-чарага Кыргызстан, Өзбекстан, Казакстан, Азербайжан жана Түркиянын өкүлдөрү катышты.
Кыргызстандын делегациясы да эл аралык иш-чарага катышып, түрк мамлекеттеринин жаштарынын ортосундагы кызматташтыкты чыңдоого багытталган демилгелерди колдоду.
Ачылыш аземинде жаштар саясатынын артыкчылыктуу багыттары талкууланып, катышуучу өлкөлөрдүн өкүлдөрү тажрыйба алмашты. Ошондой эле билим берүү, маданият, инновация жана коомдук өнүгүү тармактарында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүктөрү каралды.
Демилгенин негизги максаты — түрк мамлекеттеринин жаштарынын ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү бекемдөө, маданий-гуманитардык байланыштарды кеңейтүү жана жаштардын биргелешкен долбоорлорун колдоо.
«Хива – Түрк дүйнөсүнүн жаштар борбору – 2026» жылы түрк мамлекеттеринин жаштарынын өз ара байланышын бекемдеп, тажрыйба алмашуусуна жана жаңы демилгелерди ишке ашыруусуна өбөлгө түзөт.