Ысык-Көл диалогу. ШКУ өлкөлөрүнүн медиа кызматташтыгынын жаңы горизонту

19-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 185

Бүгүн, 2026-жылдын 19-июнунда, Ысык-Көл облусунда Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулган Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин медиафоруму өтүп жатат. Медиафорумга ШКУга мүчө мамлекеттердин мамлекеттик органдарынын, алдыңкы массалык маалымат каражаттарынын, маалымат агенттиктеринин, санариптик платформалардын жана эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү чогулду.

Форумга ШКУга мүчө мамлекеттердин делегацияларынын өкүлдөрү – алты өлкөдөн 100гө жакын катышуучу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү катышууда.

Иш-чаранын негизги максаты – ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы медиа кызматташтыкты бекемдөө, маалымат жана коммуникация чөйрөсүндөгү өнөктөштүктү өнүктүрүү, ошондой эле медиа чөйрөсүнүн санариптик трансформациясы шартында кесиптик бирдиктүү диалогду түзүү болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Маматканов Улан Эркинович, ошондой эле ШКУнун Башкы катчысынын орун басары Копылов Олег Владимирович куттуктоо сөз сүйлөштү. ШКУга мүчө мамлекеттердин делегация башчылары маалыматтык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн, медиа мейкиндигинде ишенимди бекемдөөнүн жана өлкөлөр аралык кесиптик өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти.

Форумдун алкагында медиа чөйрөсүн санариптик трансформациялоо, журналистикада жасалма интеллектти өнүктүрүү, ошондой эле санариптик платформалардын жаңы медиа катары ролу маселелерине арналган үч пленардык жыйын өтөт. Катышуучулар маалымат мейкиндигинин учурдагы чакырыктарын талкуулап, тажрыйба алмашып, медиа чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлордун келечегин карап чыгышат.

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат, жаштар саясаты министри Мамбеталиев Мирбек Кемелович ШКУ өлкөлөрүнүн медиа кызматташтыгын өнүктүрүү гуманитардык байланыштарды чыңдоонун жана ишеним жана өнөктөштүк принциптерине негизделген жалпы маалымат мейкиндигин түзүүнүн маанилүү шарты экендигин белгиледи. Форумдун жыйынтыгында катышуучу өлкөлөрдүн медиа түзүмдөрүнүн өз ара аракеттенүүсүн кеңейтүү, биргелешкен демилгелерди өнүктүрүү жана санариптик трансформация шартында кесиптик диалогду бекемдөө боюнча практикалык мамилелерди иштеп чыгуу күтүлүүдө.

 

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X