Сыртбай Мусаев, филология илимдеринин доктору: «Орфографияны тактоо керек. Негизги максат ушу»
Өткөн аптада Бишкек шаарында «Кыргыз тилинин жазуу эрежелери: учурдагы абалы жана өркүндөтүү маселелери» аттуу республикалык илимий-практикалык конференция өткөн. Анда кыргыз тилинин орфографиялык эрежелеринин жаңы редакциясынын долбоору сунушталып, аны илимий негизде өркүндөтүү жана өлкөнүн бардык аймактарында кеңири коомдук талкуудан өткөрүү зарылдыгы белгиленген. Долбоордо айрым талаштуу маселелер бар эле. Андыктан коомчулукта учурда сунушталган жаңы эрежелер тууралуу түрдүү пикирлерди айтып жатышат. Биз жаңы эрежелерди сунуштап жаткан КР Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы тарабынан түзүлгөн кыргыз тилинин орфография жана орфоэпия эрежелерин иштеп чыгуу боюнча эксперттик топтун төрагасы, филология илимдеринин доктору, профессор, академик Сыртбай Мусаевге кайрылып, бир нече суроо узаттык.
– Сыртбай Жолдошевич, жакында сунушталган орфографиялык жазуу эрежелеринин долбоорунун негизги максаты эмнеде эле? Учурда өзүңүз байкагандай коомчулукта көп талкуу болуп жатат. Долбоордун максаты тилди жөнөкөйлөтүүбү же толугу менен жаңы стандарт түзүүбү?
– Кыргыз тилинин алфавити 1939-40-жылдары Кирилл графикасындагы орус алфавитине зордоп көчүрүлүп, ошондон улам кыргыз тилинин жазуу системасы түп тамырынан өзгөрдү, башкача айтканда типологиялык структурасы боюнча бири-бирине шайкеш, төп келбеген грамматикадагы эки башка тилге бир алфавит – орус тилинин алфавитин, болгондо да орус тилинин фонетика-фонологиялык өзгөчөлүгүнө негизделип түзүлгөн, шарттуулук (условность) көп кездешкен, кыргыз тилинин фонетика-фонологиялык, грамматикалык түзүлүшүнө туура келбеген, анын айтым ыргагын бузган, жазуу системабызга кедергисин тийгизе турган тамгалары бар (э, ё, ю, я, щ, ц, ъ, ь) алфавит таңууланган. Ушул орусташкан алфавиттин негизинде кыргыз тилинин орфографиясы Батманов, Бакеев, Бактыбаев жана башка тарабынан 1938-, 1939-, 1940-жылдары иштелип чыккан. «Орус тилинен жана ал аркылуу чет тилдерден кирген сөздөр орус тилиндегидей айтылат жана жазылат», — деген принцип кабыл алынган. Ошону менен эле катар орус тилине мүнөздүү «айтканда мындай айтылат, а бирок жазганда мындай жазылат» деген талап коюлду. Типологиялык жактан бири-биринен кескин айырмаланган тилдер экендиги эсеп-чотко алынбай, орус тилинин фонетика-фонологиялык, лексика-грамматикалык нормалары кыргыз тилинин грамматикалык, стилистикалык түзүлүшүнө өтө баштады. Бул акырындык менен кыргыз тилинин грамматикалык структурасынын бузулушуна, фонетика-фонологиялык жактан өзгөрүшүнө алып келди. Муну бүгүнкү күндө анча-мынча бир нерсеге түшүнгөн адамдар үстөккө-босток айтып жатышкандыктарына баарыбыз эле күбөбүз. «Эй, тилчилер, тилге көңүл буруп, орфографияны оңдобойсуңарбы», — деген талапты коомчулук мына 86 жылдан бери коюп келе жатышат. Канча жолу аракет болду, 500-600дөгөн макалалар жарык көрдү. Кыскасы, коомчулуктун талабы туура. Орфографияны тактоо керек. Негизги максат – ушу. Жаңы стандарт түзүүнүн зарылдыгы жок, Касым Тыныстанов атылып кетээринде түзгөн эле алфавит жана орфографияны бүгүнкү күндүн талабына, тилдин өз айтым ыргагына ылайыкташтыруу, тилдин оозеки формасы менен жазма формасын бири-бирине жакындатуу, бул аркылуу жаштардын, жалпы эле элдин жазуу сабатын жеңилдетүү, адабий тил катары өз ыргагына, өз нукура өзгөчөлүгүнө ылайык өнүгүү жолуна салууга аракеттенүү. Көрүп турасыздар, бүгүнкү күндө ар ким тилчи, ар ким билерман, ар ким «адис», өз билгениндей өзүнүн каалаганындай жазат, адабий тилдик нормага карабайт. Ал тилдин бирдиктүүлүгүн бузат.
– Долбоор иштелип чыгууда кайсы принцип негиз болгон? Фонетикалыкпы же салттуу орфографиябы?
– Жазуу эрежелеринин бул долбоорун иштеп чыгуудагы негизги маселе – тилди нукура өз ыргагына салуу, ар кыл жазылып жүргөн жагдайларды биргелештирүү болду. Буга алфавиттеги биздин тилге кенедей да тиешеси жок четтен кирген 8 тамганы колдонбоо аркылуу гана жетебиз. Муну ар ким түшүнүш керек. Муну түшүнбөй ызылдап, 86 жылдан бери талашып келебиз.
Жазуу эрежелери, негизинен, фонетика-фонологиялык, морфологиялык, салттуу (традициялык) жана дифференциялык принципке таянат. Бул жерде аларды чечмелеп отурбайын, убакыт керек. Ар бир принциптин өз өзгөчөлүгү бар.
– Жаңы эрежелер эл тарабынан жакшы кабыл алынбады го.
– Бул азырынча долбоор, муну бир нече жолу талкуулайбыз. Эмне үчүн физиктерге, химиктерге же математиктерге, инженерлерге антип айта алышпайт. Анткени адис эмес, аны түшүнүшпөйт. Бирок тилдин ички мыйзамдарын билебиз деп ойлошот. Ушунун кесепетинен 86 жылдан бери талаш-тартыш токтобой келет. Ушул маселелерди дагы бир жолу карап көрөлүчү деген ниетте КР Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия мындан бир жыл мурда 7 облустан, 2 чоң шаар, тактап айтканда Бишкек, Оштон 28 адамдан турган атайын комиссия түзүп, алар облустарындагы окумуштуулардан, мугалимдерден, деги эле ушу маселеге кызыккан адамдардан сунуштарды чогултуп, Бишкекте 4-5 жолу ал сунуштарды талкуулап, жалпылаштырып, андан кийин ушул долбоор жазылды. Биринчи талкуу 25-июнда өттү. Эми дагы талкуулар аймактарда өткөрүлөт. Ошондон кийин гана коомчулукка сунушталат. Дагы талкууланат, элдин пикирин угабыз. Ошого жараша толукталат, такталат. Коомчулук кандай талкууласа, ошондой кабыл алынат да.
– Эмне үчүн айрым сөздөргө эки вариант (мисалы: келем/келемин, баргам/барганмын) берилди?
– Тилде бир нерсени атаган вариант канча көп болсо, албетте, ыктуу, лингвистикалык жактан туура болсо, тил ошончолук көркөм, уккулуктуу, ийкемдүү болот. XIX кылымдын ортосунда В. Радлов суктанган кыргыз тили өз калыбына келет. “Келем/келемин, баргам/барганмын” дегендин кайсынысы тилге зыян алып келип жатат? “Бак, бакыт, бакты” деген сөздүн кайсынысын жоготолу? Бул өңдүү сөздөрдүн бирөө кыска формасы, бирөө толук формасы, мындай сөздөрдүн экөөнү тең, үчөөнү тең колдоно берсин, андан тилге эч зыян жок. Тилдеги бирдиктүү стандартты ким кандай түшүнөт, мен билбейм, бирок йоттошкон тамга менен жазуу, бир эле сөздө эки түрдүү Э/Ени жазуу сиз айткан стандартты бузат. “Елечек” деген сөздү кимиңер “иелиечиек” деп окуйсуңар же айтасыңар? Эч ким. Баарыбыз “елечек” деп эле окуйбуз. “Ени” “ие” дебей эле, “е” деп окуйбуз.
– Чет тилден кирген сөздөрдү айтылышына жараша жазуу чечими кандай илимий негизге таянат?
– Чет тилден кирген сөздөрдү фонетика-фонологиялык жактан өздөштүрүп жазуу, айрымдарын өздөштүрбөй жазуу, кээсин которуп жазуу деген негизге таянат. Муну дүйнөдөгү бардык тил колдонот. “Область – облус, газета – гезит, билет – белет” деп өздөштүрүп жүрөбүз, “структура – түзүлүш, адрес – дарек, состав – тутум” деп которуп жүрөбүз, “объект, субъект, система” деп которбой, өздөштүрбөй, кандай болсо, ошондой жазып жүрөбүз.
– Эл аралык терминдердин түп нускадагы жазылышынан алыстоо билим берүүдө жана документ жүгүртүүдө кыйынчылык жаратпайбы?
– Эл аралык терминдер деле жогоркудай үч өңүттө жазылат. Түп нускада эмес, орус тилиндегисин жазып жатпайбызбы. Орус тилинде түп нускадагыдай жазбаса, эч ким унчукпайт. А эмне үчүн байкуш кыргыз айрым терминдерди түп нускадагыдай жазбаса, билими тайкы болуп кыйынчылык жаратышы мүмкүн. Мындай болбойт.
– Төл сөздөрдө “э” ордуна кеңири “е” колдонуу (мисалы: ер, еки, ене) кандай муктаждыктан келип чыкты?
– Эң эле жөнөкөй нерсе фонема менен тыбыштын айырмасын, тамга шарттуу эле белги экенин, тетири “Э” менен “Енин” айырмасын ажырата албай, кыргыз тилинде тетири “Э” менен “элечек” деген сөздөгү “Ени” эки башка тыбыш деп айтышат. Кыргыз тилинде [е] – ие деген тамга да, тыбыш да жок. Орус тилиндеги йоттошкон тамгаларга кошуп ошентип бизге үйрөтүп келген. “Эгемендикте” деген сөздө тетири “Э” жана сиздер окуп үйрөнгөн “Е” (ие) тамгалары турат. Бирок эч ким бул сөздү “эгиемиендиктие” деп окубайт, туура окушат. Анан эмне үчүн эле тетири “Эни” колдонбосок “иегиемиендиктие” деп окуп калабыз деп коркобуз. Практикалык муктаждык: биринчиден, тетири “Э” биздин тамга эмес, 1708-жылы Пётр I кийирген орус тилине, дүйнөдө орус, белорус, монгол, кыргыздан башка бир да тилде тетири “Э” колдонулбайт. Экинчиден, 1 фонема 1 гана тамга менен белгиленет; үчүнчүдөн, “Эге” байланыштуу 4-5 эрежеден кутулабыз.
– Бул өзгөрүү мектеп окуучуларынын сабаттуулугуна кандай таасир берет. Кыйналышып калбайбы дегеним?
– Ушул тетири “Эге” байланышкан маселе мектеп окуучуларынын, жалпы эле элдин сабаттуулугуна терс таасир тийгизе албайт. Бул “Э” араб, латын алфавитин колдонгон мезгилде жазылган эмес. Бул тетири “Э” жок Арабаев атабыз, Тыныстанов атабыз ж.б. сабатсыз бойдон калган жок да.
– Эмне үчүн айрым географиялык аттар бирге, айрымдары дефис менен, айрымдары бөлөк жазылат?
– Анткени, алардын структурасы ар түрдүү. Аны эреже жакшы чечмелеп берет.
– “А” тамгасынын ичкертилген “ә” тыбышын өзүнчө тамга катары киргизүү эмне үчүн сунушталган жок?
– “Ә” тамгасы фонемалык мааниге ээ эмес. Ал башка тилден кирген сөздөрдө колдонулат, айрым бир ичкиликтердин говорунда колдонулат, говордук мүнөзгө ээ. Жазуу эрежелери адабий тилге тиешелүү. Бул жөнүндө учурунда К.Тыныстанов, Б.Юнусалиев түшүндүргөн. Кайталоонун зарылдыгы жок.
- P. S. Материал басууга даярдалып жатканда Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков бул маселе боюнча пикирин фейсбук баракчасына жазып, “Акыркы күндөрү Улуттук илимдер академиясынын айрым окумуштуулары кыргыз тилиндеги «Э» жана «Е» тамгаларына байланыштуу өзүнүн жеке сунушун коомдук талкууга чыгарган экен. Социалдык тармактарда бул маселе боюнча ар кандай пикирлер айтылып, кызуу талкуу жүрүүдө.
Белгилей кетүүчү жагдай, бул –
жеке көз караш жана жеке демилге. Мамлекет тарабынан кыргыз алфавитин өзгөртүү боюнча эч кандай чечим да, демилге да көтөрүлгөн эмес. Кыргыз алфавити мурдагыдай эле 36 тамгадан турат жана өзгөрүүсүз калат.
Мындай сунуштарды көтөрүп чыккандар, коомчулукта негизсиз талаш-тартыштарды жана нааразычылыкты жарата турган демилгелерди коомчулукка чыгарардан мурда анын зарылдыгын, кесепеттерин жана коомдук кызыкчылыкты кылдат таразалап чыгуу жоопкерчилиги бар экенин эске алсаңыздар!» деди.
Жазгүл КЕНЖЕТАЕВА