Сингапур компаниясы менен Кыргызстанда күн панелдерин өндүрүү долбоору талкууланды
Экономика жана коммерция министринин орун басары Беназир Нурланова Сингапурдун Sunvera Solar Pte. Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуп, Кыргызстанда күн энергетикасы тармагында өндүрүш түзүү боюнча инвестициялык долбоорду талкуулады.
Долбоордун алкагында кубаттуулугу 2 ГВтка чейин жеткен жогорку натыйжалуу фотоэлектрдик элементтерди өндүрүүчү ишкана куруу пландалууда.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жашыл энергетика жаатындагы кызматташууну улантууга жана долбоорду ишке ашыруу боюнча предметтүү ишти улантууга макулдашышты.