Жерди эне катары ким биринчи тааныган?

12-июль, 2026-ж. / Редакция / Адабият 323

Европада Ренессанс байыркы Рим менен Грециянын маданиятын кайра жандандыруудан башталса, кыргыз маданиятында бул процесс улуттук баалуулуктарды, тарыхты жана руханий байлыкты кайра ачуу менен коштолот. Саякбай Каралаев өзүнүн феноменалдуу эс тутуму, адам баласында сейрек кездешкен талантына таянып “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” эпосунун үчилтигин жарым миллиондон ашык сап ыр менен кагазга түшүрүүгө шарт түзүп, дүйнөлүк маданияттын тарыхындагы теңдешсиз руханий Ренессанс жаратып кеткен. Дүйнөлүк алкактагы адабиятчылар менен маданият таануучулар Саякбай Каралаевди “Кыргыздын Гомери”, улуттук кайра жаралуунун эң залкар фигурасы катары даңазалап келет. Манас эпосу кыргыз ренессансынын эң башкы пайдубалы, алтын казыгы экенин ким жокко чыгара алат?! Ал эми Сагымбай Орозбаков менен Саякбай Каралаев эпикалык Ренессанстын туу чокусу. Аларды бул катардан эч ким четтете албайт.

Алардын бул катардан өзгөчө орун ээлешинин негизги себеби: Манас эпосу кыргыз профессионалдык адабияттынын булагы. XX кылымдагы Касым Тыныстанов, Сыдык Карачев, Токчоро Жолдошов, Аалы Токомбаев, Алыкул Осмонов, Чыңгыз Айтматов, Төлөгөн Касымбековдор… баштаган кыргыздын профессионал жазма адабияты жок жерден пайда болгон эмес. Алардын баары Сагымбай Орозбаков, Саякбай Каралаев баш болгон улуу манасчылардын тилинен, көркөм образдарынан, философиялык ой чабытынан азыктанышкан. Кетбука, Токтогул, Арстанбек, Калыгул, Молдо Кылыч, Молдо Нияз, Барпы… сыяктуу элдик оозеки чыгармачылыктын өкүлдөрү кыргыз тилинин эң бай казынасын сактап берген “титандар” десек жаңылышпайбыз.

Адабият таанууда классикалык “Ренессанс” түшүнүгү оозеки маданияттан профессионалдык жазма маданиятка, жеке автордук адабиятка өтүү мезгили менен байланыштырылат. Сагымбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер оозеки элдик чыгармачылыктын, фольклордун залкар өкүлдөрү. Ошондуктан, эгер кимдир бирөө профессионал жазуучулар менен акындардын гана тизмесин түзсө, Сагымбай, Саякбайлар фольклордук категорияга кирип, тизмеге түз кошулбай калышы мүмкүн. Бирок, маданияттын жалпы контекстинде Сагымбай менен Саякбайсыз кыргыз ренессансын элестетүү мүмкүн эмес. Алар жөн гана аткаруучулар эмес, алар миллиондогон саптарды өз алдынча иштеп чыккан, поэтикалык кубат берген улуу импровизаторлор. Алар айткан эпосторду Кыргыз элинин тарыхый-маданий мурастарын изилдеп, кайра ачып, коомдук өнүгүүнүн булагына айлантсак улуттук ренессанстын негизги белгилеринин өзөгү болуп каларында талаш жок.

Маселен, биз Барпы Алыкуловду төкмө акын катары окуп, таанып келдик. Бирок анын терме санаттары, махабат темасындагы ырлары “менмин” деген профессионал жазма акындардан алда канча жогору турат. Анын “Жер”, “Күн”, “От”, “Аккан суу”, “Шамал”, “Жар жыгылса суу бөгөйт”, “Ажал”, “Пайгамбарлар жана олуялар кысасы”, “Дүнүйө…” деген философиялык терең ой камтылган термелери, санат-насыят ырлары жана “Мөлмөлүм”, “Барнайым”, “Гөзал кыз”, “Алтын…” сыяктуу махабат лирикалары улуттук ренессанстын (кайра жаралуунун) алтын фондуна түздөн-түз киреринде талаш жок. Барпы сыяктуу акындарды жөн гана той-тамашанын деңгээлиндеги төкмө акын катары кароо алардын талантын өтө чектеп түшүнүү болуп калат. Барпы кыргыздын оозеки маданиятынын ичинен чыккан улуу ойчул, философ жана Ренессанс тибиндеги универсалдуу акын.
Европалык Ренессанстын негизги белгиси – орто кылымдардагы христиан дини (тактап айтканда, анын католик багыты) үстөмдүк кылган диний догмалардан чыгып, дүйнөнү, табиятты жана анын кубулуштарын таанып-билүүгө умтулуу болгону жөнүндө кеңири маалыматтар бар эмеспи. Барпы Алыкулов өзүнүн биз жогоруда атап өткөн ырларында дал ушул дүйнөнүн төрт стихиясын – төрт негизги элементин жогорку философиялык көркөм дүйнө деңгээлинде талдап берген. Ал табияттын кубаттуулугун, сулуулугун, жаратылыштын эч нерсеге баш ийбеген улуу мыйзамдарын ырдап, адамзатты айлана-чөйрөнү аңдап билүүгө чакырган. Бул түздөн-түз космогониялык-ренессанстык көз карашты далилдеп турат. Барпынын жогоруда биз атап өткөн философиялык терме-санаттарында адам өмүрүнүн маңызы, убакыттын өтүшү, жашоонун баалуулугу тууралуу терең толгонуулар бар. Ал адамды бул дүйнөнүн борборуна коюп, анын убактылуу экенин, ошол эле учурда адеп-ахлактык жактан таза жашоо керектигин пенде баласына ачык эскертет. Мындай адамгерчиликтин гуманисттик багыты дүйнөлүк Ренессанс доорунун эң башкы идеясы болгон.

Италияда 1304-жылы жарык дүйнөгө келген Франческо Петрарка диний сюжеттерди жана антикалык мифтерди өзүнүн көркөм тилине салып кайра иштеп чыкканын чыгармаларынан окуп келебиз. Ал Кайра жаралуу – Ренессанс доорунун, гуманизмдин негиздөөчүсү катары орто кылымдагы диний аскетизмден баш тартып, дин менен мифологияны адамдын ички сезимдерин, психологиясын, жердик жашоосун чагылдыруу үчүн курал катары колдонгон. Ал эми Кыргыз төкмө акындарынын ичинен Барпы Алыкулов Чыгыш маданиятына, диний уламыштарга тиешелүү жогоруда биз атап өткөн ырларын өзүнүн поэтикалык кубаты менен кайра жаратып, элге терең философиялык курал катары сунган. Бул анын интеллектуалдык деңгээли профессионал жазма акындардан эч кем калбаганынын ачык далили.

Барпынын “Мөлмөлүм”, “Барнайым”, “Алтын…” сыяктуу махабат ырларындагы образдар, метафоралар дүйнөлүк махабат лирикасынын анын ичинде Ф. Петрарканын сонеттеринин деңгээлине туура келет. Анын тили ушунчалык бай анан өтө так болгондуктан, ал биздин жазма адабият калыптана электе эле профессионалдык поэзиянын бийик үлгүсүн көрсөтө алган. Ошондуктан Барпы Алыкулов кыргыз маданиятынын оозеки салты менен профессионалдык деңгээлдеги философиялык поэзияны бириктирген көпүрө десек жаңылышпайбыз. Өз убагында изилдеген адабиятчылар менен окумуштуулар Барпыны жөн гана ырчы эмес, он сегиз миң ааламга философиялык саресеп салган ойчул-акын (поэт-мыслитель) катары жогору баа берген. Өз доорунда караламан калыс кыргыз эли Молдо Кылыч, Молдо Нияз, Тоголок Молдо, Нур Молдо… сыяктуу акындарга ислам дининен алган илими боюнча молдо деген наам берсе, жалгыз гана Барпыга “Апыз” деген улуу наам берген.

Википедиядан алынган материал – эркин энциклопедия
Хафиз (арабча: «жаттап үйрөнүүчү; сактоочу») — Куранды жатка билген сактоочу. Куранды толугу менен жатка билгени үчүн ал руханий класстын мүчөсү деп эсептелген мусулман.
– Куранды жаттап хафиз болуу үчүн канча убакыт керек?
– Бир да күндү өткөрүп жибербөө абдан маанилүү. Ибадаттарда эс алуу күндөрү жок. Такыр убактыңыз жок болсо, жок дегенде, күнүнө 3-5 сап окуп үйрөнүңүз. Үзгүлтүксүз аракетте болсоңуз инша Аллах 5 — 6 жылда хафиз боло аласыз.

Барпы Алыкуловдун “ЖЕР” деген ырынын керектүү строфаларын кимдер гана өз чыгармаларына түз да, кыйыр да көчүрүп барып пайдаланган жок?! Барпынын ырларын өз чыгармаларына көчүрүп барып пайдалангандар, ошол философиялык терең ойлорду өздөрү ойлоп таап айткандай корстон болуп, төгөрөктүн төрт бурчунан эл аралык сыйлыктарды алып жүрүшөт. Бирок, ошол үзүп-жулуп, тытмалап жүрүп пайдаланган “ҮЛКӨНДӨРДҮН” бирөө да Барпы апыз жерди кандай бийик даражада ырдаганы жөнүндө азырынча ооз ачып расмий баа бере элек. Эгер Барпынын бийиктигин айтса, анда алардын өзүлөрүнүн аброю түшүп кетет деген шектенүү бар сыягы. Келиңиздер, эгерде биз чын эле Улуттук кайра жаралуу – Ренессансын көтөрүп чыккыбыз келсе анда улуттук руханий баалуулуктарыбызды кумдан алтын чайкагандай чогуу иргеп көрөлү.
Төмөндө Куранды жатка билген, Курандын сактоочусу – Барпы апыздын “Жер” деген ырына чогуу назар салабыз:
ЖЕР
“Ырдын башы ыраакта,
Ыгын бузбай кынапта.
Ыймансызды жазалайт,
Ыпыластан тазалайт,
Ырыс-кешик булакта.
Ыдырабайт адил сөз,
Ыр пайнабы кулакта.
Кутман ырдын санатын
Кураштырып жыйгамын,
Кулагыма куйгамын.
Купуя ойго курчалып,
Кудуретин туйгамын.
Куп келтирип айтпасам,
Күйүп кетээр ыйманым.
Тирүүлүктүн зыйнаты
Тийип турган
Күндө экен.
Ар ким үчүн сыр ачпайт
Ачкычтары кимде экен?
Илик салып байкасам,
Иргеп кумдай чайкасам,
Адал, аруу дилде экен.
Адам менен бирге экен.
Айдоочу жок Жел кайда?
Абасы жок Жер кайда?
Адамда дем болбосо,
Азиретке жалынып,
Аягына табынып,
Ак урганың бейпайда.
Суудан аалам пак1 болот,
Саргайган чөл бак болот.

1 Пак–таза.

Саар кечке суу менен
Саламдашар чак болот.
Саратанда салкын деп,
Сайды бойлоп эл конот.
Суусуз жерге суу буруп,
Суулуу жерге бол конок.
Күн өмүрү жердеги –
Күйүп турган От болот.
От болбосо Жердеги
Орозгериң жок болот.
Отсуз адам өмүрү
Оп тартылып токтолот.
Төгөрөктүн төрт бурчу,
Тирүүлүктүн тиреги.
Амандыкта турбайбы
Ар макулук тилеги.
Жерде жашап, Жерде өлөт,
Жерди пенде билеби?
Абурою ченегис
Абалтан Жер – Энебиз.
Адам уулу болгону
Анда жашап келебиз.
Асылдыгын билбестен,
Адеп менен жүрбөстөн,
Албууттанып кез-кезде
Акараат кылып тебебиз.
Адебин колго беребиз…
Жер болбосо, калайык,
Жандуу, жансыз болобу?
Топтолуп учкан паранда1
Топон сууга конобу?
Аба, Жамгыр, Шоола, Түн –
Адилет Жердин коногу.

1 Паранда–канаттуу.

Жер бетинде суу да бар.
Жер бетинде буу да бар.
Жан алгычтар чылаган
Жер бетинде уу да бар.
Жердин бетин тозуткан,
Жаңжал, уруш, чуу да бар.
Жердин суусу – дары экен.
Жердин буусу – наары экен.
Жашоолорду жалмаган
Жердин уусу – заар экен.
Жан бүткөндү мойсогон
Жердин чуусу – каар экен.
Жерден баары жаңырат,
Жерден баары табылат.
Жетимиш миң макулук
Жерде жүрөт жамырап.
Бирде толсо жер бети,
Бирде кайра аңырат.
Адамдарга бул ырды
Айткым келди тагыраак.
Таштарга таштар сыйылып,
Таштарга таштар жыйылып,
Тоо жаралат турбайбы.
Коктунун ташы тайгылып,
Конушунан айрылып,
Коо жаралат турбайбы.
Эгизине асылып,
Эңишине ташынып,
Эл таралат турбайбы.
Жашоо үчүн аларга,
Жолун издеп табарга –
Жер канагат турбайбы.

Төгөрөктүн топугу –
Төрт такылет турбайбы.
Көк асмандан Жергече
Көрк акыбет турбайбы.
Өмүрлөрдү күл кылган
Өрт капылет турбайбы.
Жетилткен ырдын канатын
Жер-Эне ырдаар санатым.
Жердин тузу бир татым.
Топугу жердин бүткөндө
Томолонуп жатабыз
Топуракка бир чачым.
Суу көп дешет дүйнөдө,
Сууну да жер көтөрөт.
Чуу көп дешет дүйнөдө,
Чууну да жер көтөрөт.
Жерден күчтүү эмне бар?
Жерге сыйын чөгөлөп!
Жер бетинде бейиш бар,
Жер бетинде кейиш бар.
Жер бетинде жыргал бар,
Жер бетинде куурал бар.
Жер бетинде өмүр бар,
Жер бетинде өлүм бар.
Жер бетинде күнөс бар,
Жер бетинде күрөш бар.
Бардыгына жер түтөт,
Бир кубанып, жүз түтөп.
Жайнайт жазда жашыл чөп,
Жер танабы сөгүлүп.

1 Такылет–элемент.

Жылчык таап булуттан
Жамгыр жаайт төгүлүп.
Жер алдында далай калк,
Жер алдында далай алп
Жатат изсиз көмүлүп.
Датымды ук, Эне-Жер,
Далайларды арыттың.
Далайларды карыттың.
Пейилиңди жашырба
Паанасына жарыктын.
Бак-таалайын ачып кой
Байлоодогу карыптын.
Бир чөлкөмдө кум жатат,
Бир чөлкөмдө ным жатат.
Бир чөлкөмдө чым жатат,
Бир чөлкөмдө дың жатат.
Бир чөлкөмдө таш жатат,
Бир чөлкөмдө баш жатат.
Бир чөлкөмдө түн жатат,
Бир чөлкөмдө күн жатат.
Эне-Жердин боору ушул,
Эне-Жердин доору ушул.
Жандуу менен жансызга,
Алдуу менен алсызга,
Ысык менен ызгаарга,
Ыраактагы муздарга;
Айбан менен адамга,
Ар пуркалуу заманга;
Өлүм менен өмүргө,
Чындык менен төгүнгө;

1 П а а н а с ы н а – далдоосу,
көлөкөсү.
2 Пуркалуу – түрдүү.

Кумдар менен сууларга;
Купуя менен чууларга;
Жакшы менен жаманга,
Адал менен арамга;
Караңгы менен жарыкка,
Карыбаган тарыхка –
Эне болот улуу Жер!
Эге болот сулуу Жер!” Барпынын бул ыры философиялык-дидактикалык чыгармаларынын бири. Ал жөн гана табият жөнүндө эмес, адам, жашоо, адеп-ахлак, космос менен жердин маани-маңызы жөнүндө философиялык терең ой жүгүртүү. Бул ырдагы идеялар улуттук ренессанстын – улуттук аң-сезимдин жаңылануусунун маанилүү белгилери экенин кантип тааныбай коё алабыз?! Барпы жерди жөн гана географиялык объект катары эмес, эне катары, тирүүлүктүн башаты, космостук тартиптин негизи катары сүрөттөйт. Ырдын башынан аягына чейин төрт негизги түшүнүк жүрөт: Биринчи, жер бардык жашоонун негизи. Экинчи, табияттын элементтери бири-бири менен байланышта. Үчүнчү, адам жерге көз каранды. Төртүнчү, адам Жерди урматтоого милдеттүү.
Мисалы:
“Жер болбосо, калайык,
Жандуу, жансыз болобу?” Бул риторикалык суроо аркылуу акын жашоонун түпкү шарты жер экенин так көрсөтөт. Ырдын өзөгүндө төрт элемент жөнүндөгү түшүнүк жатат: Жер Суу, От, Аба.
Караңыз:
“Айдоочу жок жел кайда?
Абасы жок жер кайда?..” андан кийин:
“Суудан аалам пак болот”
же
“Күн өмүрү жердеги –
Күйүп турган от болот…” Бул дүйнөнүн бүтүндүгүн түшүндүргөн байыркы философиялык концепцияны эске салат. Барпы табиятты бөлүп карабайт. Анын көз карашында: Адам, Табият, Аалам бир бүтүн система. Бул азыркы экологиялык ой жүгүртүүгө да абдан дал келет. Ырдын эң күчтүү жагы – экологиялык аң-сезим.
Мисалы:
“Асылдыгын билбестен,
Адеп менен жүрбөстөн,
Албууттанып кез-кезде
Акараат кылып тебебиз….” Бул жерде акын адамзаттын Жерге жоопкерчиликсиз мамилесин сынга алат. Азыркы тил менен айтканда: жаратылышты бүлдүрүү, жаратылыш ресурстарын ысырап кылуу, экологиялык кризис сыяктуу көрүнүштөрдүн руханий себебин көрсөтүп турат.
Барпы адамдын текеберлигин чектейт.
“Жерде жашап, Жерде өлөт,
Жерди пенде билеби?” Бул жерде чоң философиялык парадокс бар: Адам Жерде жашайт, бирок анын сырын толук түшүнө албайт. Демек акын адамды кичи пейилдикке чакырат.
Ырдын эң маанилүү символу – “Абалтан Жер – Энебиз” деген сап. Кыргыз дүйнөтаанымындагы салттуу түшүнүк ушул. Жер жетимиш миң макулукту – кыбыр эткен жан-жаныбар, курт-кумурска, өсүмдүктүн баарын багат, өстүрөт, сактайт, акырында кайра өзүнө алат. Ошондуктан:
“Топугу Жердин бүткөндө
Томолонуп жатабыз Топуракка бир чачым…” Бул адамдын табиятка кайтып кетишин билдирген философиялык образ. Эгерде биз улуттук ренессанс деп, улуттук аң-сезимдин ойгонушун, өз маданиятыбызга кайрылууну, руханий баалуулуктарды жаңылоону, экологиялык жана гуманисттик дүйнөтаанымды өнүктүрүүнү түшүнсөк, анда бул ыр ошол идеяларга толук шайкеш келет. Себеби ырда, Жер-Эне түшүнүгү, адам менен ааламдын байланышы, табият менен эриш-аркак жашоо сүрөттөлөт.
Руханий жаңылануу идеясына келсек:
“…Ыймансызды жазалайт,
Ыпыластан тазалайт…” Бул коомдун моралдык тазаланышын талап кылат. Жерге болгон жоопкерчилик темасы Барпыда өтө күчтүү.
“…Жандуу менен жансызга,
Алдуу менен алсызга
Ысык менен ызгаарга,
Ыраактагы муздарга;
Айбан менен адамга,
Ар пуркалуу2 заманга;
Өлүм менен өмүргө,
Чындык менен төгүнгө;
Кумдар менен сууларга;
Купуя менен чууларга;
Жакшы менен жаманга,
Адал менен арамга;
Караңгы менен жарыкка,
Карыбаган тарыхка –
Эне болот улуу Жер!
Эге болот сулуу Жер!” Мында Барпы жалпы адамзаттык баалуулуктарды билдирет. Жер өзүнүн үстүндөгү бардык зат үчүн бирдей экенин далилдеп берген.

Ырдын көркөм өзгөчөлүгүнө токтолсок, анда бир сөздүн улам кайталанышы – анафора ыкмалар көп колдонулган:
Жер бетинде бейиш бар,
Жер бетинде кейиш бар,
Жер бетинде жыргал бар… Барпынын мындай анафоралык ыкманы ырааттуу колдонушу тажатма тафталогия же дейди рифмачтык эмес, бул ыкманын ырааттуу колдонулушу ойду улам бийиктикке көтөрүп, күчөтөтүп гана жүрүп отурат.

“Анафоралык параллелизмди караңыз:
Бир чөлкөмдө кум жатат,
Бир чөлкөмдө ным жатат,
Бир чөлкөмдө чым жатат…” деп дүйнөнүн ар түрдүүлүгүн алаканга салгандай элестүү ачып көрсөтөт. Чыгармадагы риторикалык суроолорго маани берсек: “Жерди пенде билеби?.. бул суроо окурманды ойлонууга түртөт. “Жер” деген Барпынын бул ыры философиялык, экологиялык жана гуманисттик манифести десек болот. Чыгарманын борборунда Жерди адамзат үчүн ыйыктардын ыйыгы болгон Эне катары таануу, адамдын табият алдындагы жоопкерчилиги менен ааламдын бүтүндүгү жөнүндө идея жатат.
Улуттук ренессанс аспектисинен алып караганда, бул ыр улуттук дүйнөтааным менен руханий тазалануу, экологиялык аң-сезим, гуманизм, ата-бабалардын философиялык мурасын урматтоо баалуулуктарын камтыйт. Ошондуктан “ЖЕР” кыргыз улуттук ренессансынын идеялык негизин түзгөн чыгарма деп баалоого толук негиз бар. Ал кыргыз элинин салттуу дүйнөтаанымын жаңы деңгээлде философиялык жалпылоого жеткирген руханий баалуу мурастар катарына кирет.

Бахпурбек Аленов

12-июль, 2026-ж. / Редакция / Адабият 323
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X