Жыл сайын 28-июлда дүйнө жүзүндө Гепатитке каршы күрөшүүнүн бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленет. Бул күндүн негизги максаты — вирустук гепатиттердин кооптуулугуна коомчулуктун көңүлүн буруу, алдын алуу чараларынын маанисин түшүндүрүү жана жарандарды өз убагында текшерүүдөн өтүүгө чакыруу.
Адистердин айтымында, В жана С вирустук гепатиттери көп жылдар бою эч кандай белгилерсиз өтүшү мүмкүн. Дал ушул себептен көпчүлүк адамдар ооруну кеч аныктап калышат. Өз убагында дарылоо жүргүзүлбөсө, бул илдет боордун циррозуна, атүгүл боордун рагына чейин алып келиши мүмкүн.
Дарыгерлер ооруну эрте аныктоо ийгиликтүү дарылоонун негизги шарты экенин белгилешет. Эрте диагноз коюу дарылоону өз убагында баштоого жана оор кесепеттердин алдын алууга мүмкүнчүлүк түзөт.
Белгилей кетсек, Кыргызстанда В жана С вирустук гепатиттерине текшерүүдөн өтүү, В вирустук гепатитине каршы эмдөө, ошондой эле өнөкөт вирустук гепатит менен жашаган бейтаптарды дарылоо республикалык бюджеттин эсебинен акысыз жүргүзүлөт.
Саламаттыкты сактоо адистери жарандарды ден соолугуна кайдыгер карабоого, үзгүлтүксүз медициналык текшерүүдөн өтүүгө жана вирустук гепатиттердин алдын алуу боюнча сунуштарды так сактоого чакырышат.