Чолпон-Атада Садыр Жапаров менен Ильхам Алиевдин расмий жолугушуусу болду

Чолпон-Ата шаарындагы «Рух Ордо» маданий борборунда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров мамлекеттик сапар менен келген Азербайжандын президенти Илхам Алиевди расмий тосуп алды.

Расмий тосуп алуу аземинде эки өлкөнүн мамлекеттик гимндери жаңырып, Улуттук гвардиянын ардак кароолу тизилди. Андан соң мамлекет башчылары расмий делегациялардын мүчөлөрү менен таанышты.

Мамлекеттик сапардын алкагында президенттер тар курамда сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, Кыргыз Республикасы менен Азербайжан Республикасынын Мамлекеттер аралык кеңешинин үчүнчү жыйынына катышат.

Жолугушууларда кыргыз-азербайжан кызматташтыгынын күн тартибиндеги негизги маселелер, саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык багыттардагы өз ара кызматташууну кеңейтүү маселелери талкууланат.

Сапардын жыйынтыгында эки өлкөнүн кызматташтыгын мындан ары бекемдөөгө багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлары күтүлүүдө.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X