Кытай Кыргызстанга 370 даана техника берет. Суу чарба тармагы жаңыланат
Бүгүн, 4-августта Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – министр Эрлист Акунбеков Кытайдын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Лю Цзянпин менен жолугушту.
Жолугушуунун алкагында Кыргызстандын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине атайын техника жана жабдууларды жеткирүү боюнча тышкы ишке ашыруу келишимине кол коюлду.
Долбоор Кытай менен Кыргызстандын ортосундагы техникалык-экономикалык жардам көрсөтүү боюнча 2015-жылдын 26-мартындагы макулдашуунун негизинде ишке ашат. Анын алкагында гранттык жардам катары жалпы баасы 148,9 млн кытай юаны болгон 370 даана атайын техника Кыргызстанга жеткирилет.
Жаңы техникалар Суу ресурстары кызматынын ирригациялык каналдарды тазалоо иштерин жүргүзгөн бөлүмдөрүнө берилет. Алар өлкөнүн 7 облустук жана 40 райондук суу чарба башкармалыктарына бөлүштүрүлөт.
Маалыматка ылайык, долбоор суу чарба инфраструктурасын жаңылоого, каналдарды тейлөөнүн сапатын жогорулатууга жана айыл чарба жерлерин суу менен камсыздоону жакшыртууга багытталган.