Жол куруудагы коррупциядан мамлекетке 171 млн сомдон ашык зыян келтирилгени аныкталды
Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы тарабынан жол курууга бөлүнгөн бюджеттик каражаттардын пайдаланылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү.
Текшерүүдө №11 жана №4 жол эксплуатациялык ишканаларынын, ошондой эле «Кыргызавтожол-Түндүк» мамлекеттик ишканасынын жооптуу кызмат адамдары Ак-Суу районундагы Жыргалан лыжа базасына баруучу жолду курууга жана Түп районундагы Каркыра-Турук-Сары-Жаз жолуна шагыл төшөөгө субподряддык уюм катары тиешелүү квалификациялык талаптарга жооп бербеген, окшош иштерди аткаруу тажрыйбасы жок, ошондой эле жетиштүү финансылык жана материалдык-техникалык мүмкүнчүлүктөрү болбогон “Д.Т.” ЖЧКсын тартышкандыгы аныкталган.
Мындан тышкары, көрсөтүлгөн кызмат адамдары мыйзамдардын талаптарын бузуу менен “Д.Т.” ЖЧКсынын кызыкчылыгын көздөп, келишимдерди аткарууну камсыз кылуучу тиешелүү кепилдик камсыздоосу жана аткарылган иштердин иш жүзүндөгү көлөмдөрүн ырастоочу документтер жок болгондугуна карабастан, аталган уюмдун эсебине бюджеттик каражаттардын олуттуу көлөмүн которушкан.
Өз кезегинде «Д.Т.» ЖЧКсы алынган каражаттарды жол куруу иштерине эмес, башка максаттарга жумшап, натыйжада мамлекетке 171 млн сомдон ашык зыян келтирилген.
Аталган фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 210-беренеси (Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуп жиберүү) менен эки кылмыш иши козголуп, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.