«Рухий-Мурас» конушундагы жер талаш. Мэр тиешелүү кызматтарга тапшырма берди

12-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 76

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Рухий-Мурас» конушунун тургуну менен жолугуп, көп жылдан бери чечилбей келе жаткан жер маселесин карады.

Маалыматка ылайык, 2006-жылы жаранга жер тилкесин берүү боюнча токтом кабыл алынган. Бирок ошол документтин негизинде жерге болгон укук ушул күнгө чейин мыйзамда белгиленген тартипте каттоодон өтпөй келген.

Кийин талаштуу жер тилкеси үчүнчү жактар тарабынан беш жолу кайра сатылып, анын айланасында укуктук талаш жаралган. Учурда маселе сотто каралууда.

Жолугушууда тургун сунуштаган документтер, жер тилкесине байланыштуу жагдайлар жана талаштын келип чыгуу себептери талкууланды. Ага укук коргоо органдарынын, шаардык кызматтардын өкүлдөрү жана коңшу үйлөрдүн жашоочулары катышты. Коңшулар да кырдаалга байланыштуу айрым жагдайларды тастыкташты.

Жыйынтыгында мэр тиешелүү шаардык кызматтарга документтерди кылдат изилдеп, жер тилкесин мыйзам талаптарына ылайык жол-жоболоштуруу мүмкүнчүлүгүн кароону тапшырды.

Ал эми укук коргоо органдарына өз компетенциясынын алкагында тургунга көмөк көрсөтүү милдети жүктөлдү.

12-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 76
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X