«Дубалдар эмес, көпүрөлөр»: дипломаттын татаал учурлар тууралуу эскерүүлөрү жарык көрдү
Бүгүн, 8-сентябрда, Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Кыргызстандын Швейцариядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Муратбек Азымбакиевдин жаңы китебинин бет ачары өттү.
«Дубалдар эмес, көпүрөлөр: дипломаттын эскерүүлөрү. Татаал нерселер жөнүндө чындык» аттуу эмгек орус тилинде «Мосты, а не стены: записки дипломата. Честно о сложном» деген аталышта жарык көргөн.
Иш-чарага мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, чет мамлекеттердин Кыргызстандагы элчилери, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, тарыхчылар жана маданият өкүлдөрү катышты.
Китепте Кыргызстандын эгемендүүлүк жылдарындагы тышкы саясаты, эл аралык келишимдердин түзүлүшү жана маанилүү мамлекеттик чечимдердин кабыл алынышы тууралуу баяндалат.
Автор 30 жылдан ашуун дипломатиялык тажрыйбасына таянып, эл аралык аренадагы маанилүү окуялар жана татаал сүйлөшүүлөр тууралуу өз эскерүүлөрүн бөлүшкөн.
Ошондой эле эмгекте мамлекеттер ортосундагы макулдашууларга жетишүү процесси, эл аралык келишимдердин артындагы сүйлөшүүлөр жана тараптардын бир пикирге келүү жолдору чагылдырылган.
Бет ачарга катышкандар эмгекти кыргыз дипломатиясынын тарыхын изилдөө үчүн маанилүү булак катары баалашты.
Мээрим Бактыбек кызы