Папан ГЭСинде 1,5 чакырымдык тоннелдин 300 метри казылды
Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычында кубаттуулугу 30 МВт болгон Папан ГЭСинин курулушу кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу «Чакан ГЭС» ААК маалымдады.
Долбоор «Гидроэнергетика курулушу боюнча Кыргыз-Кытай биргелешкен коому» ЖЧКсы тарабынан мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында ишке ашырылууда.
Учурда ГЭСтин негизги объектилерин куруу иштери жүрүүдө. Атап айтканда:
- узундугу 1,5 чакырым болгон деривациялык туннель казылууда;
- ГЭСтин имараты үчүн котлован даярдалууда;
- суу кабыл алуучу түйүн курулууда;
- 110 кВ аба электр берүү чубалгысынын таянычтары орнотулууда.
Деривациялык тоннелдин 300 метрге жакын бөлүгү буга чейин казылып бүттү. Ошондой эле станциянын имараты үчүн котлован казылып, суу кабыл алуучу жапкычтын шахтасы курулууда.
Долбоор толук ишке киргенде өлкөдө электр энергиясын өндүрүүнү көбөйтүүгө жана электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатууга өбөлгө түзөт.
Папан ГЭСи — Кыргызстандын энергетикалык кубаттуулугун арттырууга багытталган ири долбоорлордун бири.