Садыр Жапаров санариптик музейдин ачылышына катышып, Жогорку Кеңештин жаңыланган жыйын залдарын көрдү

9-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 99
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 9-сентябрда, Жогорку Кеңеште заманбап санариптик музейдин ачылышына катышып, парламенттин жаңыланган жыйын залдарын көрүп чыкты.
Музейде гид робот Мамлекет башчысына кыргыз элинин жана парламенттин тарыхына, ошондой эле Жогорку Кеңештин ишмердүүлүгүнө арналган экспозициялар тууралуу айтып берди. Возможно, это изображение Овальный кабинет и текст
Ошондой эле Президент мамлекеттик органдардын жетекчилерине жыйындарга онлайн режимде катышууга мүмкүндүк берген заманбап санариптик технологиялар менен жабдылган парламенттин жаңыланган жыйын залдарын көрүп чыкты.  Возможно, это изображение Базилика Непорочного зачатия Пресвятой Девы Марии и текст
Иш-чаранын соңунда Президент Садыр Жапаров жаңыланган экспозиция келгендерге, өзгөчө жаш муунга парламенттин тарыхын жана ишмердүүлүгүн жакындан таанып-билүүгө мүмкүндүк берерин, ошондой эле жарандардын Жогорку Кеңештин ишине болгон кызыгуусун арттырууга өбөлгө болоорун белгиледи.Возможно, это изображение помост и текст
9-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 99
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X