Беш инсан «Эмгек Баатыры» болду. Алардын арасында Рысбай Абдыкадыров да бар
Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын өнүгүшүнө олуттуу салым кошкон беш инсанга «Эмгек Баатыры» жогорку артыкчылык даражасын ыйгарды.
Тиешелүү жарлыкка өлкөнүн Көз карандысыздыгынын күнүнө карата кол коюлду.
Жогорку мамлекеттик сыйлыкка белгилүү ырчы, аткаруучу жана обончу Рысбай Абдыкадыров да татыды. Наам ага каза болгондон кийин ыйгарылды.
«Эмгек Баатыры» наамын композитор, А. Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын башкы директору Муратбек Бегалиев да алды.
Сыйлыкка билим берүү тармагынан Талас районундагы Нанаев Касымкул атындагы Арал орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Бектур Исаков татыды.
Мындан тышкары, жогорку артыкчылык даражасы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын мүчөсү Сүйүнбек Касмамбетовго ыйгарылды.
Саламаттык сактоо тармагынан И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын неонатология курсу менен госпиталдык педиатрия кафедрасынын башчысы Дуйша Кудаяров «Эмгек Баатыры» болду.
Жарлыкта мамлекеттик сыйлыктар аталган инсандардын өлкөнүн социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы, кесиптик ишиндеги жетишкендиктери үчүн ыйгарылганы белгиленген.
Көз карандысыздыктын күнүнө карата берилген бул жогорку сыйлык беш инсандын көп жылдык эмгегине жана коомго кошкон салымына берилген мамлекеттик баа болду.