Меңди Мамазаирова, акын, драматург: Мугалим — коомду тарбиялоочу чоң күч

11-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Маанилүү маек 132

Кыргыз адабиятынын көрүнүктүү өкүлү, акын, драматург Менди Мамазаирова менен «Бишкек Арена» сыяктуу ири объекттердин ачылышынын өлкө үчүн мааниси, мугалимдин коомдогу орду жана эмгегин баалоо тууралуу баарлаштык. Акын жаңы спорттук жайдын ачылышын Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрүнүн кеңейип, жаңы бийиктиктерге умтулуп жатканынын белгиси катары баалап, андан алган таасири ыр саптарына да айланганын айтып берди.

— «Бишкек Арена» сыяктуу ири объекттин ачылышы коом үчүн, дегеле кыргыз эли үчүн көптөн күткөн чоң кубаныч болду. Бул окуяны сиз кандай кабыл алдыңыз?

— Меңди эже,  «Бишкек Аренанын» ачылышы мен үчүн чоң кубаныч болду. Анткени стадион 31-августта, Эгемендүүлүк күнүндө расмий адамдар үчүн ачылганы менен, жалпы элдин көрүп, аралап чыгышына бүгүн мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Борбор Азияда биринчи жолу 51 миң көрүүчүгө ылайыкталган заманбап стадиондун курулуп, элге тартууланышы — тарыхый окуя. Мындай масштабдуу долбоорду ишке ашыруу көпчүлүк кыргызстандыктардын оюна да келбесе керек. Ошондуктан анын ишке ашканы ар бир мекенчил адамды кубандырбай койбойт.

Мен да Мекенимдин жараны катары абдан сүйүндүм. Акын болгон соң, бул кубаныч мени толкундатып, ыр саптарына да айланды.

Мен үчүн «Бишкек Аренанын» дагы бир өзгөчөлүгү — бүгүн каалаган жарандын стадионго кирип, анын заманбап архитектурасын көрүп, суктана алгандыгы. Бул — элге арналган чоң белек деп ойлойм.

— Ошол эле күнү мугалимдердин эмгеги да мамлекеттик сыйлыктар менен белгиленди. Мындай колдоо билим берүү тармагына кандай таасир берет деп ойлойсуз?

— Бул күндөгү дагы бир жүрөк жылыткан жаңылык — мугалимдердин эмгегинин жогору бааланганы болду.

Азыркы учурда жаш муунга билим жана тарбия берүү мурдагыдан да татаалдашты. Технологиянын тездик менен өнүгүшү, маалыматтын чексиз агымы балдардын дүйнө таанымына чоң таасир берип жатат. Окуучу дүйнөнүн ар кайсы бурчунан келген маалыматты мугалимден мурда кабыл алып, сиңирип алат. Мындай шартта аны мектептин программасына көңүл бурдуруп, алган билимин туура багытка салып, адамдык баалуулуктарды үйрөтүү мугалим үчүн чоң жоопкерчилик.

Мындай оор түйшүктү көтөрүп жаткан мугалимдин эмгегин эмне менен өлчөй алабыз? Ошондуктан бүгүн алардын эмгегин баалап, көңүл буруу — абдан маанилүү кадам.

Мугалимдин эмгегин сыйлоо, анын социалдык абалын жакшыртуу, турак жай маселесин чечүүгө көмөк көрсөтүү — бул жөн гана мугалимге жасалган камкордук эмес. Бул — мамлекеттин келечегине жасалган камкордук.

Мамлекет башчысынын мугалимдерге көңүл буруп, алардын эмгегин баалашы аларга чоң дем берет. Анткени мугалим — келечектин пайдубалын түптөгөн адам.

Биз жаш муунду тарбиялап жаткан мугалимдерден, жалпы агартуучулардан эч нерсени аябообуз керек. Алардын кесиптик өсүшүнө, иштөөсүнө, чыгармачылык менен эмгектенишине шарт түзүп, ар тараптан колдоо көрсөтүү зарыл.

Мугалим — жөн гана билим берүүчү эмес, мугалим — коомду тарбиялоочу чоң күч. Ошондуктан ага болгон камкордук мамлекеттин келечегине болгон камкордук деп эсептейм.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X