Садыр Жапаров Баткен шаарынын жана Баткен районунун тургундары менен жолугушту
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 11-октябрда, Баткен, Ош облустарына болгон иш сапарынын алкагында Баткен шаарынын жана Баткен районунун тургундары менен жолугушту.
Мамлекет башчысы Баткен эң жаш облус болуп саналганына карабастан, ушул убакыт аралыгында көптөгөн сыноолорду башынан кечиргенин белгиледи.
“Бүгүн мен сиздерге ишенимдүү түрдө айта алам: эң кыйын күндөр артта калды! Эң башкысы, чек араларыбыз толугу менен такталып, аймактын коопсуздугу камсыздалып, жол, энергетика сыяктуу социалдык эң зарыл маселелер чечилди. Эми биздин алдыбызда облустун экономиканы көтөрүү, элибиздин жашоо-турмуш деңгээлин жакшыртуу маселелери турат”, — деп баса белгиледи Садыр Жапаров.
Президент чогулгандардын көңүлүн өлкөдө экономикалык өнүгүүнүн пайдубалы түптөлүп, социалдык-маданий турмуштун бардык тармактарында масштабдуу өзгөрүүлөр болуп жатканына бурду.
Темир жол транспорту жана энергетика тармактарында ири долбоорлор этап-этабы менен ишке ашырылууда. Өлкөнүн консолидацияланган бюджети бекемделип, былтыр 1 триллион сомдон ашты.
Ал мамлекеттин алдында бул жетишкендиктерди ар бир үй-бүлөнүн жашоосун жакшыртууга багыттоо, Кыргызстанды алдыдагы ондогон жылдар бою туруктуу өнүктүрүүнү камсыз кылуу жана келечек муундар үчүн күчтүү мамлекет куруу милдети турганын белгиледи.
Өлкөнүн ар бир аймагын, анын ичинде Баткенди өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү тууралуу сөз кылып, Садыр Жапаров айтылуу Айгүл-Таш тоосу, сырдуу Кан-и-Гут үңкүрү, Сары-Тоо менен Мадыген геопаркы, тарыхый Кудаяр хандын чеби, Каравшиндин аскалуу тоолору жана кен байлыктары, айыл чарба өнүмдөрү менен дүйнөнүн көңүлүн бурдурткан мүмкүнчүлүктөрдү толук пайдалануу керектигин айтты.
Мындан тышкары, Президент Баткен өрүгү өзгөчө даамы, сапаты жана дарылык касиеттери менен дүйнөгө таанылып, улуттук брендге айланганын белгиледи.
Облустун социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрүндөгү оң өзгөрүүлөрдү белгилеп, Садыр Жапаров мамлекеттин башкы максаты — аймактардын республикалык бюджеттен бөлүнгөн каражаттарга гана көз карандылыгына жол бербей, жер-жерлерде өндүрүштү, ишкердикти, сооданы, айыл чарбасын жана кызмат көрсөтүү тармагын өнүктүрүү аркылуу өздүк кирешелерди көбөйтүү зарыл экенине көңүл бурду.
Садыр Жапаров баса белгилегендей, экономиканын өсүшү сөзсүз түрдө калктын кирешелеринин көбөйүшүнө, жаңы жумуш орундарынын түзүлүшүнө жана жашоо шарттарынын жакшырышына алып келүүгө тийиш.
Турак жай менен камсыз кылуу маселесине токтолгон Президент Мамлекеттик ипотекалык компания 4 116 батирге эсептелген турак жай комплекстерин куруп жатканын айтты.
Президент Садыр Жапаров экономиканын бардык тармактарында, анын ичинде билим берүү, маданият жана саламаттык сактоо чөйрөлөрүндө оң өзгөрүүлөр болуп жатканына токтолуп, чек ара маселеси эң олуттуу маселелердин бири болгонун өзгөчө белгиледи. Жалпы кыргызстандыктар жапырт колдоого алып, чек аранын тынчтык жолу менен чечилишин тилеп турушту. Учурда мамлекеттик чек араны демаркациялоо иштери да аяктады.
Мамлекет башчысы буга чейин көзгө дароо урунган, бирок узак убакыт бою көңүл бурулбай келген көйгөйлөр болгонун белгиледи. Ал эми бүгүнкү күндө Зардалы айылында электр энергиясы, мобилдик байланыш жана транспорттук каттамды камсыз кылган жол бар. Мындан эки жыл мурда айыл тургундарына берилген убада аткарылды.
“Баткен шаарында таза суу, район аймагында сугат суу көйгөйлөрүнөн кабарым бар. Шаарды таза суу менен толук камсыз кылуу планыбызда бар. Бирок бардык көйгөйлөрдү дароо эле чечип жиберүү мүмкүн эмес экен. Таза сууну да, сугат суу маселелерин да этап-этабы менен, республикалык бюджет жана башка каржы булактары аркылуу чечебиз”, — деп ишендирди Садыр Жапаров.
Президент аймактарды өнүктүрүү мамлекет үчүн өтө чоң мааниге ээ экенине өзгөчө көңүл бурду. Ошондуктан мамлекеттин ар бир иш-аракети райондорду өнүктүрүүгө багытталат. Эң башкысы – элибизде ынтымак болуп, жер үстүндө тынчтык өкүм сүрүп, бөөдө кырсыктардан тышкары болгонубуз.
Андан соң жолугушуу суроо-жооп форматында уланды.