Бишкектеги Панфилов паркында жаңы амфитеатр ачылды

14-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 116

Бишкекте маданий жашоону жандандыра турган дагы бир жаңы жай пайда болду. Панфилов атындагы паркта борбор калаанын мэри Айбек Джунушалиевдин катышуусунда жаңы амфитеатрдын ачылыш аземи өттү.

Ачылыш аземинде мэр мындай жайлар шаарды көрктөндүрүү менен гана чектелбестен, элдин руханий дүйнөсүн байытууга, улуттук маданий салттарды сактоого жана шаар тургундарынын эс алуусун уюштурууга да чоң салым кошорун белгиледи.

«Биздин милдет — көчөлөрдү өнүктүрүүгө, мектептерди жана инфраструктураны курууга гана эмес, шаар тургундарынын руханий өнүгүүсүнө да көңүл буруу. Биз борбор калаанын тургундары менен коноктору бул жерге келип, эс алып, музыкадан жана маданий иш-чаралардан ырахат алышын каалайбыз», — деди Айбек Джунушалиев.Возможно, это изображение один или несколько человек, толпа и текст

Амфитеатрда дем алыш күндөрү концерттер өтөт

Мэрдин айтымында, буга чейин Панфилов паркында музыкалык жана бий иш-чаралары үзгүлтүксүз өткөрүлүп, шаардыктардын эсинде жагымдуу эскерүүлөрдү калтырган. Эми жаңы амфитеатр ошол жакшы салттарды кайра жандандырууга жана кийинки муундарга өткөрүп берүүгө шарт түзөт.

Мындан ары ар жума жана ишемби күндөрү амфитеатрда Бишкек шаарынын мэриясынын уюштуруусу менен артисттердин, элдик өнөрпоздордун өнөрлөрү тартууланып, ар кандай концерттик программалар өткөрүлүп турат. Ал эми башка күндөрү аянтча коомдук жана маданий иш-чаралар үчүн пайдаланылат.

Возможно, это изображение толпа

Жаңы амфитеатр — шаардыктардын жолугушуу, эс алуу жана маданий баарлашуу жайы. Эми Панфилов паркында жандуу музыка угуп, өнөрпоздордун чыгармаларынан ырахат алып, жакындары менен жагымдуу убакыт өткөрүүгө дагы бир мүмкүнчүлүк түзүлдү.

14-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 116
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X