Улан Ниязбеков: Сыймык Жапыкеевдин билдирүүсү чындыкка дал келбейт

19-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 164

Бүгүн социалдык тармактарда Сыймык Жапыкеев милиция кызматкерлери аны негизсиз кармап, алардын аракеттери саясий буйруктун негизинде болгонун билдирген.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министри, милициянын генерал-полковниги Улан Ниязбеков түшүндүрмө берди.

19-октябрда саат 02:11де Бишкек шаарынын ИИББнын «102» кызматына Бишкек шаарындагы Жаманбаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн жашоочуларынын тынчтыгын бузуу фактысы боюнча билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге барган милиция кызматкерлери Сыймык Жапыкеев достору менен бирге спирт ичимдиктерин ичип жатканын аныкташкан. Ал саат 22:00дөн кийин тынчтыкты сактоо боюнча бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, ызы-чуу чыгарган. Ушуга байланыштуу жаран Жапыкеев Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын Шаардык милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Учурда тиешелүү материалдар топтолуп, юридикалык баа берүү үчүн Тергөө кызматына өткөрүлүп берилди.

«Бул окуянын саясий өңүтү жок. Жаран Жапыкеев бүгүн Кыргызтесттен өтүүнү каалаган күндө да, мас абалында тест тапшырууга мүмкүн эмес. Бардык жагдайлар мыйзам чегинде каралат. Коомчулуктан бул маалыматты туура кабыл алып, такталбаган маалыматтарды таратпоону суранам», — деди ИИМ башчысы.

19-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 164
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X