ID-картталарды акысыз берүү боюнча улуттук кампания уланууда

18-август, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 48

КР Санариптик өнүктүрүү министрлиги, Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык, ID-карттарды акысыз берүү боюнча улуттук кампанияны өткөрүүдө.

«Кампания үстүбүздөгү жылдын 31 –августуна чейин уланат жана Кыргызстандын жарандарынын аярлуу катмарынын 5 категориясына карата колдонулат. 2021 -жылдын 16-августуна карата министрликтин аймактык бөлүмдөрү тарабынан 179 паспорт алууга арыздар кабыл алынып, жасалып жана жарандарга акысыз берилген, дагы 69 паспорт ээлерине берилет»,- деп билдирет министрлик.

ID-паспортту жоготулган учурларды кошпогондо, төмөнкү категориядагы адамдар акысыз алууга укуктуу:

— мамлекет тарабынан толук камсыздалган жана социалдык стационардык жатак мекемелеринде жашаган 16 жашка чейинки балдар;

— 18 жашка чейинки, эки ата-энеси тең каза болгон жетим балдар (толук жетимдер);

— мамлекет тарабынан толук колдоого алынган жана социалдык стационардык мекемелерде жашаган бардык топтогу майыптар;

— мамлекеттик тарабынан камсыздалган жана социалдык стационардык мекемелерде жашаган 70 жаштан ашкан пенсионерлер;

— Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары жана Баткен окуясынын катышуучулары.

Эске салсак, документти акысыз берүү боюнча кампания 2021 -жылдын 1-майынан башталган. Буга чейин Кыргыз Республикасынын Санариптик өнүктүрүү министрлиги (мурдагы МКК), Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлигинин ортосундагы өз ара аракеттенишүүнүн 4 тараптуу иштөө Регламентин кабыл алышкан. Тараптар жогоруда белгиленген категорияларга кирген 2842жарандардын тизмесин аныктаган.

Тизмелерге ылайык, социалдык мекемелерде жашаган 16 жаштан 18 жашка чейинки толук жетим балдар — 508, алардын 122си кампаниянын алкагында паспорт алышты. Бардыгы болуп 180 ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам болсо, алардын төртөө акысыз паспорт ала алышты. Улуу Ата Мекендик согуштун 120 ардагери алардын 3ү жаңы еID-паспортун алышты. Баткен окуясынын 2029 катышуучусу болсо, алардын 50сү улуттук кампаниянын алкагында бекер документтештирилди. Улгайган жарандар паспорт алуу үчүн кайрыла элек.

Санариптик өнүктүрүү министрлиги жогоруда аталган категориядагы бардык жарандарды өнөктүктөн пайдаланып, ID-картаны акысыз биринчи жолу алууга же алмаштырып алууга чакырат.

18-август, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 48
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X