"Эркин-Тоо"
Жаңылыктар

ИИМ: Эл аралык издөөдө жүргөн Россиянын жараны кармалды

Ош шаарында эл аралык издөөдө жүргөн Россия Федерациясынын жараны кармалды.
2023-жылдын 9-мартында ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын түштүк региону боюнча кызматкерлери Ош шаарынан эл аралык издөөдө жүргөн Россия Федерациясынын жараны 1995-жылы туулган Х.Р.Ж. кармашты. Ал Ингушетия Республикасынын Малгобек районунун аймагында кылмыш (ири өлчөмдөгү алдамчылык) жасагандыгы үчүн эл аралык издөөгө алынган.
2023-жылдын 11-мартында Ош шаардык сотунун чечими менен Х.Р.Ж. №5 тергөө абагына бир айга камалды.

ИИМдин Басма сөз кызматы